Редакцияот 15.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Момбеков айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын XXXX-сессиясы

2021-жылдын 15-январы № 10

Ветеринардык сервис куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жѳнүндѳ

Айыл ѳкмѳтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиеванын маалыматын угуп жана талкуулап, айылдык Кеңешинин XXVII-чакырылышынын 40-сессиясы токтом кылат:

 

1.  Момбеков айыл ѳкмѳтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиеванын маалыматы эске алынсын.

2.  Таштак участкасындагы пахтаны кайра иштетүүчү заводунун күн батыш тарабындагы 0,02 га айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык менчиктеги жер аянты ветеринардык сервис куруу үчүн ажыратылып берилсин.

3.  АПУ, ИТУ, мамлекеттик актыларын даярдоо жагы жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиевага жүктѳлсүн.

4.  Кабыл алынган токтом Аймак гезитине жарыялансын.

5.  Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл ѳкмѳтүнүн орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучу Т Эгембердиевге жүктѳлсүн.

 

Момбеков айылдык кеңешинин төрагасы:

Т. Стамбаев