Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын XXXXI-сессиясы
2021-жылдын 08-февралы № 1
Курулуш айылына жаңы шайлоо участкасын ачуу жана шайлоо участкаларынын чек арасын аныктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын атайын өкүлүнүн 02.02.2021-жылдагы № 01-05/03-сандуу катынын негизинде Момбеков айыл өкмөтүнүн орун басары Т Эгембердиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын 41-сессиясы токтом кылат:
1. Момбеков айыл өкмөтүнүн орун басары Т Эгембердиевдин маалыматы эске алынсын.
2. Момбеков айылдык ке ңешинин 2019-жылдын 5-ноябрындагы 28-сессиясынын № 6-токтому жокко чыгарылсын.
3. № 2194-Коммунизм шайлоо участкасында шайлоочунун саны белгиленген чектөөдөн ашып кеткендигине байланыштуу Курулуш айылындагы № 16-Ж Турусбеков орто мектебинин спорт залына жа ңы шайлоо участкасын ачып берүү жагы Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан суралсын.
4. Курулуш айылына жа ңы ачылган шайлоо участкасы Курулуш деп аталсын жана чек арасы Ош-Бишкек жолунун жогору жагы С Эгембердиев, С Эгембердиев 1, А Чамашов, А Чамашов 1, Т Султанов, Т Султанов 1, 2, 3, 4, 5, 6, М Мамыров, М Мамыров 1, 2, 3, Тажикул Балбан, Тажикул Балбан 1 көчөлөрү толугу менен бекитилсин.
5. Жа ңы ачылган шайлоо участкасына керектелүүчү шайлоо эмеректер менен камсыздоо жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
6. № 2194-Коммунизм шайлоо участкасынын чек арасы М Амадалиев, М Амадалиев 1, Ү Исмаилов, Б Төрөканов, А Борбуев, А Борбуев 1, 2 көчөлөрү толугу менен Масиркулов Ырыскулдун үйүнө чейин (сел арыкка чейин) жана Ош-Бишкек жолунун жогору жагы Курулуш, Курулуш-1, А Сариев, А Сариев-1,2,3,4,5,6, А Анарбаев, А Анарбаев-1, А Качикеев, А Качикеев-1, 2, 3 көчөлөрү толугу менен бекитилсин.
7. Кабыл алынган токтом Аймак гезитине жарыялансын.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн орун басары Т Эгембердиевге жүктөлсүн.
Момбеков айылдык кеңешинин төрагасы: | Т. Стамбаев |