Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын XXXXII-сессиясы
2021-жылдын 19-февралы № 1
Жаңы ачылган шайлоо участкасына участкалык шайлоо комиссияларынын жана № 2195-Кыла шайлоо участкасынын курамын толуктоо жана курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын атайын өкүлүнүн 02.02.2021-жылдагы № 01-05/03-сандуу катынын негизинде Момбеков айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ж Суярованын маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын 41-сессиясы токтом кылат:
1. Момбеков айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ж Суярованын маалыматы эске алынсын.
2. Курулуш айылына жаңы ачылган Курулуш шайлоо участкасынын участкалык шайлоо комиссиялары № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. № 2195-Кыла участкалык шайлоо комиссиясынын курамына толуктоолор киргизилип, бекитилсин.
4. Кабыл алынган токтом Аймак гезитине жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ж Суяровага жүктөлсүн.
Момбеков айылдык кеңешинин төрагасы: | Т. Стамбаев |