Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын XXXXII-сессиясы
2021-жылдын 19-февралы № 2
Таштак участкасына ветеринардык сервис куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Архитектуралык генпланга ылайык ветеринардык сервистин курулмасынын аянты 0,02 га жер аянтына дал келбегендигине байланыштуу Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын 40-сессиясынын № 10-токтомун жокко чыгаруу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиеванын маалыматын угуп жана талкуулап, айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын 42-сессиясы токтом кылат:
1. Момбеков айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиеванын маалыматы эске алынсын.
2. Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын 40-сессиясынын № 10-токтому жокко чыгарылсын.
3. Таштак участкасындагы пахтаны кайра иштетүүчү заводунун күн батыш тарабындагы 0,03 га айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги жер аянты ветеринардык сервис куруу үчүн ажыратылып берилсин.
4. АПУ, ИТУ, мамлекеттик актыларын даярдоо жагы жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиевага жүктөлсүн.
5. Кабыл алынган токтом Аймак гезитине жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучу Т Эгембердиевге жүктөлсүн.
Момбеков айылдык кеңешинин төрагасы: | Т. Стамбаев |