МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын XXXXIII-сессиясы
2021-жылдын 10-марты № 2
Ветеринардык сервисдин малдарды эмдөө үчүн 2021-жылга карата кызмат акысын бекитүү жөнүндө
Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары О Нышановдун маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын 43-сессиясы токтом кылат:
1. Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары О Нышановдун маалыматы эске алынсын.
2. Ветеринардык сервисдин малдарды эмдөө үчүн кызмат акысы 2021-жылга карата төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
1) Кара малга бир баш 50 сом
2) Кой, эчкиге бир баш 15 сом
3) Жылкыга бир баш 50 сом
4) Тоокко бир баш 10 сом
5) Итке бир баш 100 сом (паспорт, таблетка ичинде)
2. Ветеринардык сервисдин малдарды эмдөө үчүн бекитилген кызмат акысы боюнча маалыматты жер-жерлерде айылдын тургундарына жеткирүү жагы айыл башчыларына жүктөлсүн.
3. Кабыл алынган токтом Аймак гезитине жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жагы агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн орун басары Т Эгембердиевге жүктөлсүн.
Момбеков айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: | О.Нышанов |