Редакцияот 10.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Момбеков айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын XXXXIII-сессиясы

2021-жылдын 10-марты № 3

Момбеков айылындагы эс алуу паркына багбандын эмгек акысын жана Бостон айылындагы таштанды таштоочу жайдын кароолуна эмгек акысын келишимдин негизинде кароо жөнүндө

Момбеков айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ж Сейитованын маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын 43-сессиясы токтом кылат:

 

1.  Момбеков айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ж Сейитованын маалыматы эске алынсын.

2. Момбеков айылындагы эс алуу паркына багбандын эмгек акысын жана Бостон айылындагы таштанды таштоочу жайдын кароолуна эмгек акысын келишимдин негизинде жыл ичинде айыл чарба багытындагы эмес жерлердин сатуудан түшкөн каражаттын эсебинен каржыланып берилсин.

2.  Кабыл алынган токтом Аймак гезитине жарыялансын.

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жагы бюджет жанан финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн орун басары Т Эгембердиевге жүктөлсүн.

 

Момбеков айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары:

О.Нышанов