Редакцияот 10.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Момбеков айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын XXXXIII-сессиясы

2021-жылдын 10-марты № 5

Момбеков айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдына муниципалдык коммуналдык чарба ишканасын уюштуруу жөнүндө

Момбеков айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ж Сейитованын маалыматын жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын 43-сессиясы токтом кылат:

 

1.  Момбеков айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ж Сейитованын маалыматы эске алынсын.

2.  Момбеков айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдына муниципалдык коммуналдык чарба ишканасы уюштурулсун.

3.  Муниципалдык коммуналдык чарба ишканасын уюштуруу үчүн даярдалуучу иш кагаздарына керектелүүчү акча каражаты жергиликтүү бюджетинин эсебинен ажыратылып берилсин.

4.  Кабыл алынган токтом Аймак гезитине жарыялансын.

5.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жагы агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн орун басары Т Эгембердиевге жүктөлсүн.

 

Момбеков айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары:

О.Нышанов