МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын XXXXIII-сессиясы
2021-жылдын 10-марты № 6
Сейил бакка кошумча акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Сейил бактын долбоорунда каралбай калган кемчиликт ерди толуктоо үчүн Момбеков айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ж Сейитованын маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын 43-сессиясы токтом кылат:
1. Момбеков айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ж Сейитованын маалыматы эске алынсын.
2. Сейил бактын долбоорунда каралбай калган кемчиликт ерди толуктоо үчүн көчөт алуу, газон жаткыруу, кара топурак төктүрүү жана таштандыларды ташуу үчүн кошумча түшкөн каражаттын эсебинен 1600000 сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Кабыл алынган токтом Аймак гезитине жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жагы финансы жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Момбеков айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: | О.Нышанов |