НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокен айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын IV-сессиясы
2021-жылдын 23-июлу № 1
Ноокен айыл өкмөтүнүн Кара-Булак айылынын жогорку тарабында жайгашкан “Ат-Чабар” участкасындагы Ноокен айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине пайдаланууга берилген жайыт жеринин эсебинен Тоскоол-Ата токой чарбасын 8,0 га жайыт жерин өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ноокен айылдык Кеңешинин эл чарбасы жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Ноокен айылдык Кенешинин ХХVIII-чакырылышынын IV–сессиясы токтом кылат:
1. Кочкор-Ата шаарынын таштанды таштоочу жайынын бүгүнкү күндө толуп калгандыктан, Тоскоол – Ата токой чарбасына караштуу Гълмън участкасынан 8,0 гектар жер тилкеси чыгындыларды таштоо учун тандалган. Аталган 8,0 гектар жердин ордун толуктоо максатында Ноокен айыл өкмөтүнүң Кара-Булак айылынын жогорку тарабында жайгашкан “Ат-Чабар” участкасындагы Ноокен айыл өкмөтүнө жайыт комитетине пайдаланууга берилген жайыт жеринин эсебинен Тоскоол-Ата токой чарбасына 8,0 га жайыт жеринин контурун өзгөртүү менен өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айыл өкмөттүң жооптуу катчысы Г. Хакимовага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Ноокен айылдык Кеңешинин эл чарбасы жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын торагасы Э. Оморовго милдетендирилсин
Ноокен айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Садыков |