Редакцияот 23.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ноокен айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын IV-сессиясы

2021-жылдын 23-июлу № 2

Ноокен айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын кошумча салыкжана салык эмес толөмдөрдөнтүшкөнакча каражаты эсебинен кызматтык автоунаа сатып алуу жөнүндө

Ноокен айылдык кенешинин ХХVIII-чакырылышынын IV–сессиясы Ноокен айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген бюджетинин киреше бөлүгүнөкошумча түшкөн салык жана салык эмес төлөмдөрдүн эсебинен айыл окмөт башчысы Б. Календеровдун билдирүүсүн угуп талкуулап Ноокен айылдык кенешинин ХХVIII-чакырылышынын IV–сессиясы токтом кылат:

 

1.  Ноокен айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Календеровдун 2021-жылга бекитилген бюджеттин киреше бөлүгүнө кошумча салык жана салык эмес төлөмдөрдүн эсебинен кызматтык автоунаа сатып алуу маалыматы эске алынсын.

2.  Ноокен айыл өкмөтүнүнфинансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы К. Сулаймановго 2021-жылга бекитилген бюджеттин киреше бөлүгүнө кошумча салык жана салык эмес төлөмдөрдү 500,000 сомго көбөйтүү боюнча ички резервди карап чыгуу жана толуктоо жагын иштеп чыгуу жагы жүктөлсүн.

3.  Жыл ичиндежергиликтүүбюджеттинкирешелеринин түшүсүнөкарата жана финансы Министрлиги тарабынан берилген пландарга толуктоолорду киргизүү жагы финансы экономика бөлүмүнүн башчысы К. Сулаймановго милдеттендирилсин.

4.  Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Г. Хакимовага милдеттендирилсин.

5.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокен айылдык кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж. Эгембердиевге милдеттендирилсин.

 

Ноокен айылдык кеңешинин төрагасы:

А.Садыков