Загрузка документа…
НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокен айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын IV-сессиясы
2021-жылдын 23-июлу № 3
Ноокен айыл өкмөтүнүн суу пайдалануучулардын ассоциациясынын учурдагы абалы жөнүндө
Ноокен айылдык кеңешинин эл чарбасы жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Ноокен айылдык Кенешинин ХХVIII-чакырылышынын IV–сессиясы токтом кылат:
1. Ноокен айыл өкмөтүнүн аймагындагы сугат суу жетпей тартыш болуп жаткан айылдарга үзгүлтүксүз суу менен камсыз кылуу жагы айыл окмөт башчысы Б. Календеровго жана суу пайдалануучулар ассоциациясынын башчысы Э. Султанкуловго милдеттендирилсин.
2. Бирке айылындагы каналдын жээгиндеги жолго жакын жайгашкан дарактарды жана мыйзамсыз курулуштарды бузуу боюнча айылдык кеңештин депутаттардын жана тиешелүү кызматтар менен комиссия түзүп иш алып баруу жагы тапшырылсын.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айыл өкмөтүнүң жооптуу катчысы Г. Хакимовага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Ноокен айылдык кеңешинин эл чарбасы жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э. Оморовго милдетендирилсин.
Ноокен айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Садыков |