НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокен айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын IV-сессиясы
2021-жылдын 23-июлу № 7
Ноокен айылдык кеңештин жооптуу катчысына эмгек акы төлөп берүү жонундө
Ноокен айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын XIX кезексиз сессиясынын 2020-жылдын 26-мартындагы №3 токтомунун негизинде Ноокен айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын IV–сессиясы токтом кылат:
1. Ноокен айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын XIX кезексиз сессиясынын 2020-жылдын 26-мартындагы №3 токтомунун негизинде, Ноокен айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Г. Хакимова айылдык кеңешинин иш кагаздарын алып барып жаткандыгына байланыштуу конкурс өткөнгө чейин келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзамдарына ылайык эмгек акы төлөп берүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы К. Сулаймановго милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Ноокен айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Садыков |