Редакцияот 06.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ноокен айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз V-сессиясы

2021-жылдын 6-августу № 1

2021-2022-жылдарга балдар бакчаларга тамак аш үчүн ата-энелер тарабынан төлөнүчү төлөмдүн баасын күнүнө 30 (оттуз) сомдон деп бекитип берүү жөнүндө

Ноокен айыл окмөтүнүң аймагындагы 2021-2022-жылдарга бала бакчаларда тарбияланып жаткан балдарды тамак аш менен камсыз кылуу үчүн базар баасы кымбаттап кеткендигине байланыштуу, балдардын тамак ашына 2021-жылдын март айынан тартып ата-энелер тарабынан төлөнүүчү төлөмдүн баасын күнүнө 30 (оттуз) сомдон бекитип берүү жөнүндө айыл өкмөт башчысы Б. Календеровдун билдирүүсүн угуп талкуулап Ноокен айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын V–кезексиз сессиясы токтом кылат:

 

1.  Ноокен айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларында тарбияланып жаткан балдарды 2021-2022-жылдарга тамак аш менен камсыз кылуу үчүн базар баасы кымбаттап кеткендигине байланыштуу, балдарга ата-энелер тарабынан төлөнүүчү төлөмдүн баасын күнүнө 30 (оттуз) сомдон деп бекитилсин.

2.  Ноокен айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Календеровго 2021-2022-жылдарга балдар бакчаларга тамак аш үчүн ата-энелер тарабынан 30 сом, республикалык бюджеттин эсебинен 18-сомдон деп белгиленип, тендерге ар бир баланын бир күнүмдүк тамак ашы үчүн 48 сомдон жарыялоо жагы милдеттендирилсин.

3.  Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Г. Хакимовага милдеттендирилсин.

4.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокен айылдык кеңешинин социалдык маселелер жана жаштар иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Мырзалимовго жүктөлсүн.

 

Ноокен айылдык кеңешинин төрагасы:

А.Садыков