Загрузка документа…
НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокен айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын XXI-сессиясы
2021-жылдын 19-февралы № 5
Ноокен айыл өкмөтүнүн Чиртек-Сай айлындагы бала-бакчанын курулушу жөнүндө
Ноокен айылдык кенешинин ХХVII-чакырылышынын ХXI–сессиясы Ноокен айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эгембердиевдин кайрылуусун угуп, талкуулап Ноокен айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын ХXI-сессиясы төмөндөгүдөй токтом кылат:
1.Ноокен айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чиртек-Сай айылындагы бала-бакчанын курулушуна өздүк салым катары Ноокен айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 1 520 000 (бир милион беш жүз жыйырма миң сом) акча каржаты бөлүнүп берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ноокен айылдык кеңешинин төрагасы: | Н.Муратов |