Редакцияот 26.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз V-сессиясы

2021-жылдын 26-августу № 4

Баткен областындагы Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагынын социалдык –экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-июнундагы №201 сандуу тескемеси менен жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 26-июлундагы №147-б сандуу буйругуна негиз Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы токтом кылат:

 

1. Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 26-июлундагы №147-б сандуу буйругу аткарууга алынсын.

2. Баткен областындагы Баткен районуна караштуу Кара-Булак айылынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтү максатында Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында тыюу салынбаган каражаттардын эсебинен 50 000 (элүү миң) сом акча каражатын берүүнүн мыйзамдулуугун, мыйзамдуу жагын карап которуусун Сакалды айыл өкмөт башчысы А.Осмоновго жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы А.Турганбаева милдеттендирилсин.

3. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө бюжет жана экономика боюнча боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Сакалды айылдык кеңешинин төрагасы:

А.Нишанбаев