Редакцияот 18.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Сакалды айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XXХIX-сессиясы

2021-жылдын 18-марты № 3

Участкалык шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 5-ноябрындагы №121 Мыйзамына ылайык участоктук шайлоо комиссияларынын курамын бекитүү талаптарына эске алып, Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXХIX сессиясы токтом кылат

 

1. Сакалды айыл ѳкмѳтүнүн аймагындагы №2186 Кыргызстан ,2187 Чоң-Багыш шайлоо участкаларында Кыргыз Республикасында белгиленген шайлоо жанан референдум ѳткѳрүү мезгилинде иш алып баруучу участкалык шайлоо комиссиялардын курамына киргизилген ѳзгѳртүүлѳр эске алынсын.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ноокен аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл ѳкмѳттүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучусу Э.Исмаиловго тапшырылсын.

 

Сакалды айылдык кеңешинин төрагасы:

Д.Бекназаров