Редакцияот 18.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Сакалды айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XXХIX-сессиясы

2021-жылдын 18-марты № 4

Бѳбүй айылынын атын ѳзгѳртүүсүз калтыруу жѳнүндө

 Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып,”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине негиз Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXХIX сессиясы токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын вице-премьер министринин 2020-жылдын 8-июнундагы №5-1174ДСП сандуу тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан айылдардын ,калктуу конуштардын аттарын иретке келтирүү тапшырмасына ылайык Бѳбүй айылынын атын ѳзгѳртүү боюнча маселе каралган айыл жашоочуларынын 2021-жылдын 12-мартындагы №1 протоколу бекитилсин.

2. Бөбүй айылынын аты кѳпчүлүк жашоочулардын чечимине ылайык ѳзгѳртүүсүз калтырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл ѳкмѳттүн башчысы Ш.Масировго тапшырылсын.

 

Сакалды айылдык кеңешинин төрагасы:

Д.Бекназаров