Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сакалды айыл кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVII-сессиясы
2021-жылдын 8-февралы № 1
Сакалды айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджетин аткарылышы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып,”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине негиз Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы токтом кылат:
1. Сакалды айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы боюнча Сакалды айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүм башчысы А.Турганбаеванын маалыматы эске алынсын.
2. Сакалды айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы “канааттандырарлык” деп табылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеӊештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комитетине жана аталган комитеттин төрайымы Н.Юсуповага жүктөлсүн.
Сакалды айылдык кеңешинин төрагасы: | Д.Бекназаров |