Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сакалды айыл кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVII-сессиясы
2021-жылдын 8-февралы № 4
А.Арабова, М.Орунбаева жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып,”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине негиз Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы токтом кылат:
1. Сакалды айыл өкмөтүнүн жашоочулары Арабова Асалкындын 2021-жылдын 25-январындагы А-25 сандуу ,жаран Орунбаева Манзурахондун 2021-жылдын 19-январындагы О-20 сандуу арыздары канааттандырылсын.
2. Арабова Айсалкындын жана Орунбаева Манзурахондун ден соолугунун оор абалда экендигин эске алып,алардын ден соолугун чыңдоо максатында айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинин “2721 Аппарат” статьясынан 10000(он миң) сомдон каражат ар бирине акчалай каражат жардам иретинде ажыратылсын.
3. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комитетинин төрайымы Н.Юсуповага жүктөлсүн.
Сакалды айылдык кеңешинин төрагасы: | Д.Бекназаров |