Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сакалды айыл кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVII-сессиясы
2021-жылдын 8-февралы № 6
Айыл өкмөттүн менчигиндеги техникалардын ижара акысы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып,”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине негиз Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVIII сессиясы токтом кылат:
1. Сакалды айыл өкмөтүнүн балансындагы Белорус 892,2 тракторунун 2019,2020,2021-жылдар үчүн төлөнбөй калган ижара акынын жалпы суммасы 290000сомду түзгөндүгү белгиленсин.Бул сумманы 2021-жылдын 13-февралына чейин төгүп, төлөм жүргүзүлгөндүгү боюнча тийиштүү документти айыл өкмөттүн каржы бөлүмүнө тапшыруу ижарачы УШерматовго милдеттендирилсин.
2. Техникага тиешелүү төлөмдөрдү толугу менен төлөп бүтүргөндөн кийин Сакалды айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин курамы боюнча маселе кароого коюлсун.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комитетинин төрагасы А.Нишанбаевге жүктөлсүн.
Сакалды айылдык кеңешинин төрагасы: | Д.Бекназаров |