Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сакалды айыл кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVII-сессиясы
2021-жылдын 8-февралы № 9
Участкалык шайлоо комиссияларынын резервине сунушталган талапкерлердин тизмесин бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “ Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 30-июнундагы №62 Мыйзамынын 5-гл 5-б ылайык Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVIII сессиясы токтом кылат:
1. Сакалды айыл өкмөтүнүн аймагындагы №2185 Сакалды,№2410 Сай-Бою,№2444 Кагазды участкалык шайлоо комиссияларына киргизилген өзгөртүүлөр жана резервине сунушталган талапкерлердин тизмеси бекитилсин.
2. Участкалык шайлоо комиссиясынын курамдарына киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча маалымат Ноокен аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөттүн башчысы Ш.Масировго тапшырылсын.
Сакалды айылдык кеңешинин төрагасы: | Д.Бекназаров |