МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги III-сессиясы
2021-жылдын 17-сентябры № 3-9-2
«МС ЛЗ» ЖЧК-нун жумушчуларын Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлоого макулдук берүү жөнүндө
“Майлуу-Суу лампа заводу” Жоопкерчилиги Чектелген Коомунун кайрылуу катынын негизинде М.Кочкоровтун маалыматын угуп, талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин IX чакырылышынын III кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «МС ЛЗ» ЖЧКнун профсоюздук комитетинин тѳрагасы М.Кочкоровтун маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык күнүнө карата «МС ЛЗ» ЖЧКнун тѳмѳнкү жумушчуларын «Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы» менен сыйланышына макулдук берилсин:
1. Абдуллаев Нурали Ташбулатович;
2. Акаев Калдарбек Эргашбаевич;
3. Токтабаев Мурзажан Абдиевич;
4. Турдубаев Торобек;
5. Мадрахимова Ырысбу Ботобаевна;
6. Хамидова Раймахон Баховадиновна.
3. Бул токтомдун аткарылышы «МС ЛЗ» ЖЧКнун профсоюздук комитетинин тѳрагасына (М.Кочкоров) жүктөлсүн.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеӊештин социалдык тармак,саламаттыкты сактоо,билим берүү,айлана-чѳйрѳнү коргоо,диний иштери,регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясына (С.Кучурбаева) жүктөлсүн.
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин төрагасы: | А.Киргизбаев |