Редакцияот 17.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Майлуу-Суу шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги III-сессиясы

2021-жылдын 17-сентябры № 3-9-3

Майлуу-Суу шаарынын тургуну Н.Жээнбековага муниципалдык батир бөлүп берүү жөнүндө

Майлуу-Суу шаарынын тургуну Н.Жээнбекованын батир бөлүп берүү жөнүндө арызынын негизинде, шаардык мэриянын кайрылуу катын карап чыгып, шаардык кеңештин өнөр-жай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын протоколдук чечимин жана депутаттардын сунушун эске алып, Майлуу-Суу шаардык кеңештин IX чакырылышынын III кезектеги сессиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Майлуу-Суу шаардык кеңештин өнөр-жай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын протоколдук чечими эске алынсын.

2.  Майлуу-Суу шаарынын тургуну үч эмдин энеси Н.Жээнбековага батир бөлүнүп берилсин.

3.  Бул токтомдун аткарылышы шаардык мэрияга жүктөлсүн.

4.  Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардын мэрине жүктөлсүн.

 

Майлуу-Суу шаардык кеңешинин төрагасы:

А.Киргизбаев