Редакцияот 17.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Майлуу-Суу шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги III-сессиясы

2021-жылдын 17-сентябры № 3-9-6

“Көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тазалык муниципалдык ишканасынын” үнөмдөлгөн акча каражатын колдонууга уруксат берүү жөнүндө

“Көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тазалык муниципалдык ишканасынын” кайрылуу катынын негизинде, шаардык мэриясынын 03.08.2021-ж. №01-14/1430 сандуу катын, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин жана депутаттардын сунуштарын эске алуу менен Майлуу-Суу шаардык кенештин IХ чакырылышынын III кезектеги сессиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  “Көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тазалык муниципалдык ишканасынын” 2021-жылдын 1-жарым жылдыгында үнөмдөлгөн акча каражаттарын “2111-Эмгек акы” беренесинен, “2214–Транспорттук чыгымдар” беренесине которууга уруксат берилсин жана анын эсебинен төмөнкүлөр каржылансын:

-  “Көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тазалык муниципалдык ишканасынын” мекемесинин балансында турган фронталдык жүктөгүчкө редуктор сатып алууга 150,0 ( жүз элүү) миң сом;

-  Автогрейдерге 2-даана дөңгөлөк сатып алууга 132,0 ( жүз отуз эки) миң сом.

2.  Бул токтомдун аткарылышы “Көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тазалык муниципалдык ишканасынын” директоруна жүктөлсүн.

3.  Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жана шаардын мэрине (Н.Умаров) жүктөлсүн.

 

Майлуу-Суу шаардык кеңешинин төрагасы:

А.Киргизбаев