Редакцияот 17.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Майлуу-Суу шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги III-сессиясы

2021-жылдын 17-сентябры № 3-9-8

Майлуу-Суу шаарында аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө таза суу жана саркынды сууга болгон төлөмдөрүнө колдоо көрсөтүү жобосун бекитүү жөнүндө

Майлуу-Суу шаарынын “Шаарсууканал” мекемесинин башчысы М.Р.Жаркуловтун (12.04.2019-ж № 200/01-7) кайрылуу катын жана маалыматын угуп, талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин IX чакырылышынын III кезектеги сессиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Майлуу-Суу шаардык мэриясы менен Европалык Өнүктүрүү Реконструкциялоо Банкы (ЕӨРБ) арасында түзүлгөн келишимдин негизинде, Майлуу-Суу шаарында аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө таза суу жана саркынды сууга болгон төлөмдөрүнө социалдык колдоо көрсөтүү жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.  Шаар аймагында аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдүн тизмеси, шаардык мэрия, социалдык өнүктүрүү башкармалыгы жана депутаттар арасынан бекитилген комиссия тарабынан аныкталып түзүлсүн.

3.  Бул токтомдун аткарылышы шаардык мэрияга жана “Шаарсууканал” мекемесине жүктөлсүн.

4.  Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо жагы Майлуу-Суу шаарынын мэрине (Н.Умаров) жүктөлсүн.

 

Майлуу-Суу шаардык кеңешинин төрагасы:

А.Киргизбаев

 

Тиркеме

Майлуу-Суу шаардык кенештин 2021-жылдын 17-сентябрындагы

 №3-9-8 токтомуна

 

“Суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу (канализация) кызматтарына акы төлөө үчүн Майлуу-Суу шаар аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга субсидия берүүнүн жол-жоболору жана критерийлери жөнүндөгү Жобо”

 

I.Негизги жобо

 

Бул Жобо суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу (канализация) кызматтарына акы төлөө үчүн аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга социалдык колдоо көрсөтүү тартибин жөнгө салат.

1. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат::

- жакыр үй-бүлө-үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн ар айдагы кирешеси кепилденген минималдуу кирешеден төмөн болгон үй-бүлө;

- муктаждыкты аныктоо - муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ай сайын берилүүчү жөлөкпул дайындоо үчүн зарыл болгон үй-бүлөнүн кирешесинин бардык булактарын изилдөө;

- үй-бүлөнүн жалпы кирешеси - отчеттук мезгил ичинде үй-бүлө мүчөлөрүнүн өндүрүштүк иштен алган кирешелери, менчигинен жана күндөлүк трансферттерден (стипендиялар, материалдык жардам жана башка компенсациялык төлөмдөр) алган кирешелер түрүндөгү каражаттарынын суммасы;

- жыйынды кирешени аныктоодо эске алынуучу үй-бүлөнүн курамы, - никеден, туугандыктан же бала асырап алуудан улам келип чыга турган мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга жана милдеттерге байланышкан, чогуу чарба жүргүзүшкөн жана жалпы бюджетке ээ болгон чогуу жашаган адамдар;,

- муктаждыкты аныктоо-даректүү социалдык жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон үй-бүлөнүн кирешесинин бардык булактарын изилдөө;

- аз камсыз болгон үй-бүлөнүн социалдык паспорту - аз камсыз болгон үй-бүлөнүн курамы, жашоонун жыргалчылык деңгээли, үй-бүлөнүн социалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануусу жөнүндөгү анкета, анын негизинде аз камсыз болгон үй-бүлөгө социалдык жактан колдоо көрсөтүүнүн чаралары иштелип чыгат;

- социалдык маселелер боюнча комиссия-жарандардын социалдык маселелерге тиешелүү арыздарын кароо үчүн Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын алдында түзүлгөн орган.

2. Майлуу-Суу шаарынын аймагында, менчигинин түрүнө карабастан, турак жай фондун үйлөрүнүн бардык түрлөрүндө, анын ичинде жатаканаларда катталган, жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга минималдуу көлөмдө суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарына акы төлөөгө субсидиялар берилет.

3. Майлуу-Суу шаардык кенешинин чечиминин мыйзамдуулугун сактоо - субсидияларды алууга укуктуу болгон аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга бирден бир негизги шарт болуп саналат. Майлуу-Суу өндүрүштүк-эксплуатациялык “Суу Канал” ишканасынын жана керектөөчүлөрдүн (жашоочулардын) ортосундагы финансылык өз ара мамилелеринин жөнгө салынбагандыгы, суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарына акы төлөө үчүн аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга субсидия берүүдөн баш тартууга же аны кечиктирип берүүгө негиз болушу мүмкүн эмес.

4. Турак жай-коммуналдык кызматтарга акы төлөөгө мурда жеңилдиктин ордуна акчалай компенсация алган үй-бүлөлөргө жана жарандарга субсидия берилбейт. Турак-жайды жалдоого же ижарага берсе, менчигинде бирден ашык турак-жайы болсо, убактылуу каттоодо турса, ал жарандарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө субсидиялар дайындалбайт.

5. Субсидия дайындоодо төмөнкүлөр эске алынат:

5.1. Майлуу-Суу шаардык кеңешинин токтомунун 2-тиркемесинин негизинде аныкталуучу аз камсыз үй-бүлөнүн(жарандын) жыйынды кирешеси;

6. Эгерде, суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарына төлөөгө кетүүчү өзүнүн чыгашалары үй бүлөнүн же жашоочунун жыйынды кирешесинин бир айда 3,5 пайызынан ашса, бул үй -бүлө же жаран субсидия алууга муктаж деп таанылат.

 

II. Субсидияларды берүүнүн тартиби жана шарттары

 

7. Субсидиялар – арыз берүү принциби менен, турак-жай, тиричилик шарттарын, социалдык паспортун жана арыз ээсинин статусун аныктоочу документтерин текшерүү актысынын негизинде берилет, ошондой эле милдеттүү түрдө шаардагы социалдык өнүгүү башкармалыгында кайрадан катталып туруусу шарт.

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана жарандар (мындан ары - жаран) субсидия алуу үчүн Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын алдындагы Социалдык маселелер боюнча комиссияга (мындан ары-комиссия) кайрылышат.

8. Субсидия алуу үчүн кайрылган жаран арыз толтурат (ушул Жобого тиркелет), арызга бардык жашы жеткендер, ошондой эле жеке кирешелери бар жашы жете элек үй-бүлө мүчөлөрү дагы кол коюшу керек.

9. Уй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоодо эсепке алынчу адамдарга төмөнкүлөр кирет: атасы, энеси, өгөй ата, өгөй эне, алардын туугандары, асырап алынгандар жана камкордукка алынган балдар, чогуу жашаган ата-энелери (чоң апалар жана чоң аталар), жалпы чарба жүргүзгөндөр. Өгөй балдар жана өгөй кыздар чогуу жашаган шартта өз балдары менен бирдей эсептелишет.

10. Суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарына акы төлөөгө субсидия үчүн кайрылган арыз берүүчүнүн үй-бүлө курамы, ошол кайрылган учурдагы абалы менен аныкталат.

12. Жалпы кирешени аныктоодо эсепке алынбай турган үй-бүлө курамына төмөндөгүлөр кирет:

а) эмгекке жарамдуу курактагы (16 жаштан жогору) иштебеген, окубаган жана калкты иш менен камсыз кылуучу мамлекеттик органдарында белгиленген тартипте катталбаган үй-бүлө мүчөлөрү (ата-энесинен тышкары);

б) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында аскердик кызмат өтөп жаткан үй-бүлө мүчөлөрү;

в) соттолгон, жаза өтөөчү жайлардагы үй-бүлө мүчөлөрү;

г) балдар үйлөрүндөгү, интернат үйлөрдөгү жана карылар үйлөрүндөгү мамлекеттин толук камкордугунда турган үй-бүлө мүчөлөрү;

д) социалдык тейлөөнүн жеке менчик формасындагы мекемелеринде туруктуу жашаган үй - бүлө мүчөлөрү;

е) ата-энелик укуктарынан ажыратылган ата-энелер;

ж) арыз берүүчү адам менен такай чогуу жашаган жана жалпы чарба жүргүзгөн адамдардан башка, арыз берүүчү адам менен туугандык байланышы жок адамдар;

з) катталган, бирок азыркы учурда өлкөнүн чегинен сыртта иштеп жүргөн адамдар (эмгек мигранттары);

13. Арызга төмөндө көрсөтүлгөн документтер тиркелет:

13.1. Жарандын (анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн), субсидия берүү үчүн кайрылган учурдан мурдагы үч календардык ай ичиндеги кирешелери жөнүндө документтери, атап айтканда:

- иштеген жеринен эмгек акы жана башка төлөмдөр жөнүндө маалымкат (иштегендер үчүн););

- окуган жеринен стипендия алгандыгы же албагандыгы жөнүндө маалымкат (күндүз окугандар үчүн);

- калкты социалдык коргоо органынан маалымкат (калкты социалдык коргоо органдарында пенсия жана жөлөкпул алган адамдар үчүн);

- калкты иш менен камсыз кылуу борборунан маалымкат (жумушсуздар үчүн);

- кызмат өтөгөн жеринен маалымкат (аскер кызматчылары үчүн);

- салык кызматынан маалымкат (дыйкан (фермердик) чарбанын мүчөлөрү, жеке ишкерлер үчүн);

- алынган алименттер жөнүндө маалымкат;

- кирешелердин башка түрлөрүнүн (акциялардан, банктык аманаттардан ж.б.) бар экени жөнүндө маалымкат же алардын жоктугу тууралуу арызда көрсөтүү;

13.2. Аз камсыз болгон үй бүлөгө суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарга акы төлөөгө субсидия дайындоо боюнча Аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун (ТОС) өтүнүч каты;

13.3. Ушул Жобонун 12-пунктун эске алуу менен кварталдык/үй комитеттер, тарабынан берилген үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымкат.

13.4. Тактама берүү учуруна карата, суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматы үчүн тарифтик төлөмдөр боюнча жарандын (абоненттин) мөөнөтү өтүп кеткен (же жок болгон) карыздарынын бар экендиги, анын өздүк эсебинин бар экендиги жөнүндөгү Майлуу-Суу өндүруштүк-эксплуатациялык “Суу канал” ишканасынан тактама;

Жогоруда көрсөтүлгөн маалымкаттар бардык мекемелер тарабынан жарандарга акысыз негизде берилет.

13.5. Жарандын жеке документтери:

- жашаган жери боюнча катталган бардык адамдардын паспорттору же болбосо аларды алмаштыруучу (өздүгүн тастыктоочу ) башка документтер;

- суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматы үчүн акы төлөө боюнча акыркы жылдын квитанциясы;

- пенсиялык күбөлүк ( пенсионерлер үчүн);

- эмгек китепчелери (иштебеген жарандар үчүн , пенсионерлерди кошкондо);

14. Комиссия жогоруда көрсөтүлгөн тизмеге киргизилбеген башка документтерди жарандан талап кылууга укуксуз.

Комиссия документти кабыл алган датасы, документтери кабыл алынган жарандын фамилиясы, аты, атасынын аты; документтерди кабыл алган адамдын кызмат орду, фамилиясы көрсөтүлгөн тил катты жаранга берет.

15. Суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматына акы төлөөгө субсидия берүү боюнча кайрылган жаран бардык маалыматтарды туура жана тиешелүү түрдө таризделген тартипте берүүгө милдеттүү.

Эгерде жаран арыз берүү фомасын сактабаса, ушул Жобонун 13 пунктунда көрсөтүлгөн документтер тиешелүү түрдө таризделбеген же өз учурунда берилбеген болсо, комиссия субсидия сурап кайрылган жарандын арызын кабыл алуудан баш тартууга укуктуу.

16. Жарандын субсидияларды дайындоо үчүн берген документтеринин тууралыгына контролдук кылуу, тиешелүү уюмдарга суроо-талаптарды жөнөтүү укугу менен тиешелүү комиссияга жүктөлөт. Комиссиянын кайрылуулары менчигинин түрүнө карабастан мекеме-уюмдар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат.

17. Жаран берген документтердин негизинде, комиссия субсидияларды дайындоо жөнүндө же болбосо зарыл негиздемелер менен баш тартуу тууралу чечим кабыл алат. Арыз берген күндөн баштап бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен комиссиянын чечиминин көчүрмөсү арыз ээсине берилет. Субсидияларды дайындоо жөнүндө комиссиянын чечими кабыл алынган күндөн тартып, жаран жөнүндө маалыматтар шаардын бюджетинин каражаттарынан субсидия берилүүчү жарандардын тизмесине киргизилет, субсидиянын өлчөмүн көрсөтүү менен ага маалымкат берилет.

18. Субсидиялар жаранга акчасыз/накталай эмес түрдө гана берилет, бул каражат суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарына акы төлөө үчүн гана пайдаланылат.

Субсидиялардын көлөмүнө барабар суммадагы акча каражаттар Майлуу-Суу өндүрүштүк-эксплуатациялык “Суу Канал” ишканасынын эсептешүү эсебине белгиленген тартипте шаардык бюджеттен келип түшүшүнө жараша которулат.

19. Субсидия жаран бардык зарыл документтерин берген айдын 1-күнүнөн тартып 6 айлык мөөнөткө, ал эми пенсионерлерге 1 жылдык мөөнөткө дайындалат. Көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин, комиссия, эң башында белгиленген тартипте субсидия алуучу жарандарды кайра каттоодон өткөрөт.

Эгерде берилген документтерде кирешелер же үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымат белгилүү мөөнөткө жарактуу болсо (айкаштырып иштөө, окуу жайын бүтсө, убактылуу эмгекке жарамсыздык, жумушка орношуу божомолу, иштен чыгуу ж.б.у.с) анда бул жаранга субсидия, кийин кайра каттоодон өтүү шарты менен, бир айдан беш айга чейинки мөөнөткө дайындалышы мүмкүн.

20. Эгерде жарандын суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматына акы төлөөгө карызы болсо, комиссия менен макулдашуу аркылуу, Майлуу-Суу өндүрүштүк-эксплуатациялык “Суу Канал” ишканасы белгилүү мөөнөттө карызды жоюу боюнча жазуу жүзүндө макулдук берсе, ал жаран субсидия алууга укуктуу болот.

21. Жаран, суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматы үчүн, жалпы эсептелген тарифтик төлөм менен чегерилген субсидиясынын ортосундагы айырмага барабар сумманы ай сайын төлөйт.

Мында суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн белгиленген социалдык ченемдин көлөмүнөн ашыкчасы жарандар тарабынан өз каражаттарынын эсебинен толук көлөмдө төлөнөт.

22. Жарандын, үй-бүлө курамынын жыйынды кирешеси өзгөргөн учурларда, эгерде турак жай менчиктештирилген, сатылган, белекке берилсе, кошумча жалдоого, ижарага берилсе, жашаган жери өзгөрсө, ошондой эле субсидия алуу укугуна же анын көлөмүнө таасир этүүчү башка жагдайлар жаралса, жаран субсидия чегерүүчү комиссияга бир айдын ичинде милдеттүү түрдө маалымдашы керек.

Эгерде жарандын укукка жат иш-аракеттеринен же комиссияга өз убагында билдирбегендигинен, туура эмес берилген субсидиянын көлөмү, мэриянын чечими менен, субсидия алуучунун өз каражатынын эсебинен ыктыярдуу турдө ордуна коюлат же сот аркылуу өндүрүлөт.

23. Майлуу-Суу өндүруштүк-эксплуатациялык "Суу-Канал" ишканасы, субсидия берүү жана аны дайындоо менен байланышкан укуктарды жана милдеттерди ишке ашыруу боюнча мэрияга жана жарандарга көмөк көрсөтүүсү зарыл.

24. Суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарына субсидияларды берүү маселелери боюнча талаш маселелер, кызматтарга акы төлөө үчүн субсидияларды берүү маселелерин кароо боюнча, шаардын мэри тарабынан түзүлгөн, комиссия аркылуу каралат.

Комиссиянын чечими аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат.

 

III. Субсидиянын көлөмүн аныктоо тартиби

 

25. Субсидиянын көлөмү, үй-бүлөнүн жалпы кирешесинин пайыздык бөлүгү катары суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын керектөөнүн бекитилген социалдык ченемдери менен белгилүү бир мезгилге суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарына акы төлөө үчүн бекитилген төлөмдүн суммасынын ортосундагы айырма катары аныкталат.

Субсидиянын көлөмү (суммасы) төмөнкү формула боюнча аныкталат:

26. Суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүнү керектөөнүн социалдык ченемдеринин чегинде, субсидиянын көлөмү төмөнкү формула боюнча аныкталат:

 С = ((Sч x СНв/с)хТв/с) + (Sч x СНв/о)хТв/о)) мында, С - Суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматына социалдык ченемдердин минималдык чегинде белгиленген бир айлык субсидиянын көлөмү;

Sч -суу менен камсыздоо кызматын колдонгон үй – бүлө мүчөлөрүнүн саны;

СНв/с - суу пайдалануунун белгиленген социалдык нормасы, бир айда 1 адамга,1м3:

Тв/с- суу менен камсыздоо кызматы үчүн учурда колдонуудагы тариф,1м3 ;

Sч - саркынды сууну чыгаруу кызматын колдонгон үй–бүлө мүчөлөрүнүн саны;

СНв /о -саркынды сууну чыгаруу боюнча белгиленген социалдык ченем, ай сайын 1 адамга, 1м3;

Тв /о- 1м3 саркынды сууну чыгаруу кызматы үчүн учурда колдонуудагы тарифи;

27. Суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын керектөөнүн социалдык ченеминин чегиндеги субсидия, суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматы үчүн иш жүзүндө эсептелген төлөмдүн 50% ашпашы керек, ал төмөнкү формула боюнча аныкталат:

а) сууну эсепке алуучу прибордун (пайдаланылган сууну эсептөөчү прибор) көрсөткүчтөрү боюнча:

Пс= С/ ((Р Тв/с) + (Р х Тв /о)) мында, Пс -кызмат көрсөтүүнүн жалпы көлөмүндөгү субсидиянын үлүшү, пайыз менен;

С- суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматы үчүн үй-бүлөгө же жаранга керектөөнүн чегинде белгиленген бир айлык субсидиянын көлөмү, сом менен;

Р- сууну эсепке алуу приборунун көрсөткүчтөрү боюнча керектелген суунун көлөмү, 1 ай ичинде/ 1м3;

Тв / с- 1м3 суу менен камсыздоо кызматы үчүн колдонуудагы тариф, сом менен;

Р-сууну эсепке алуу приборунун көрсөткүчү боюнча саркынды сууну кетирүүгө керектелген суунун көлөмү, бир ай ичинде/1м3;

Тв /с – 1м3 саркынды сууларды чыгаруу кызматы үчүн колдонуудагы тариф, сом менен;

б) сууну керектөө жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча белгиленген ченемдерге ылайык

Пс= С / ((Nв/с*Sч) +Nпзн) х Тв/с) + (Nосв х Тв/о)) мында, Пс -кызмат көрсөтүүнүн жалпы көлөмүндөгү субсидиянын үлүшү, пайыз менен;

С-суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматы үчүн үй-бүлөгө же жаранга керектөөнүн чегинде белгиленген бир айлык субсидиянын көлөмү, сом менен;

Nв / с – калктын 1м3 сууну керектөө ченеми, бир айда 1 адамга;

Sч- суу менен камсыздоо кызматын колдонгон үй – бүлө мүчөлөрүнүн саны;

Nпзн– жашыл өсүмдүктөрдү сугарууга, машина жууганга, үй жаныбарлары жана башкалар үчүн сууну керектөө көлөмү,бир айда 1 адамга ;

Тв /с- 1метр куб суу менен камсыздоо кызматы үчүн колдонуудагы тариф, сом менен;

Nосв- калк үчүн саркынды сууну агызып чыгаруу ченеми, 1м3, 1 адамга/ бир айда;

Тв/с- 1 м3 саркынды сууну агызып чыгаруу кызматы үчүн колдонуудагы тариф, сом менен ;

28. Жарандын (үй-бүлөнүн) кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөсү төмөнкүдөй аныкталат:

ПС = П-С, мында ПС - кызмат көрсөтүү үчүн үй-бүлө каражаттарынын эсебинен акы төлөө;

П-кызмат көрсөтүү үчүн эсептелген төлөм;

С- субсидиянын эсептелген көлөмү.

29. Мамлекеттик, коомдук турак жай фондунун үйлөрүндө жана мекеме-уюмдардын менчигиндеги турак-жайларда жашагандыгы боюнча катталган жарандарга субсидияларды төлөө үчүн багытталуучу каражаттардын булактары тиешелүү турак жай ээлеринин каражаттары болуп саналат.

 

IV. Субсидияларды берүүнү токтото туруу жана токтотуу

30. Субсидияларды берүү төмөнкү учурларда токтотулат, эгерде жаран:

- кайрадан каттоо үчүн маалыматтарды бербесе;

- жүйөлүү себептерсиз 3 ай мөөнөттүн ичинде суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу кызматы үчүн акы төлөбөсө;

Мындай жүйөлүү себептерге төмөнкүлөр кирет:

- иштеген мекеме-уюм тарабынан 3 айдан ашык убакытка эмгек акысын төлөө кечиктирилсе, 2 айдан ашык убакытка пенсия жөлөк-пулдарды төлөө кечиктирилсе, эгерде эмгек акы, песия, жөлөкпул бул жарандын же анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, жашоо-тиричилигинин жалгыз каржы булагы болсо;

- 3 ай ичинде жарандын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн таптакыр кирешеси жок болсо;

Комиссия башка жагдайларды дагы жүйөлүү себептер катары эске алат.

Кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө субсидияларды берүү аны токтото туруунун себептери четтетилгенден кийин кайра жаңыртылат.

31. Субсидия берүү төмөнкү учурларда токтотулат, эгерде:

- жаран субсидияларды берүүдөн жазуу жүзүндө баш тартканда;

- жарандын жашаган жери өзгөргөндө;

- жарандын же үй-бүлө курамынын жыйынды кирешеси өзгөргөндө;

- жаран же анын үй-бүлө мүчөсү тарабынан субсидия берүү үчүн так эмес маалыматтар берилсе.

32. Мэриянын мызмат адамдары ишканалардын, мекемелердин жана менчиктин бардык түрлөрүндөгү башка уюмдардын жетекчилери ушул Жободо айтылган талаптарды кынтыксыз сакташат.

 

V. Үй-бүлөнүн кирешесин түзүүчү булактарды документ түрүндө тастыктоонун тартиби

 

34. Субсидияларды берүү үчун арыз менен кайрылган жаран өзүнүн кирешелерин тастыктаган/ырастаган документтерди Комиссияга берет:

а) негизги иштеген, кызмат өтөгөн (аскер кызматчылары), окуган жери боюнча;

б) негизги эмес иштеген ишинен, кызматынан (аскер кызматынан), окуусунан;

в) экономикалык иш (ишкердик) жүргүзүүдөн;

г) айыл чарба иштеринен.

Кирешелер тууралуу маалымкаттар берилген күндөн тартып эки айдан ашпаган мөөнөттө кабыл алынат.

35. Жарандардын негизги иштеген, кызмат өтөгөн (аскер кызматчылары), окуган жерлеринен эмгек акы, стипендия түрүндөгү кирешелери жөнүндө тастыктоочу документ болуп - алардын иштеген, окуган, Социалдык фонддун, салык органдарынын жетекчилери, башкы бухгалтери кол коюп, гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлгөн маалымкаттары эсептелет.

Кирешелер жөнүндө маалымкаттын формасын социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган иштеп чыгат жана бекитет.

36. Жарандардын негизги эмес иштеген жери боюнча алган кирешелери жөнүндө тастыктоочу документ кызмат өтөгөн (аскер кызматчылары), окуган жеринен, экономикалык ишкер (ишкердик жүргүзүүчү) катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн жана жарандардын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча салык органдары тарабынан берилген, белгиленген формадагы маалымкат болуп саналат.

37. Ишканалар, мекемелер, уюмдар жана чарбалар кайрылган учурда, алимент жөнүндө ырастоочу документтерди, сот органдары аткаруу барагы бар болгон учурда гана беришет.

38. Жер үлүшүн, короо-жай участогун пайдалануудан, мал чарбачылыгынан түшкөн кирешени аныктоодо, айыл чарба жаныбарларынын/мал-жандыктын санын, жердин аянтын жана категориясын көрсөтүү менен айыл өкмөтү тарабынан берилген маалымкат талап кылынат.

39. Менчигинин түрүнө карабастан чарба субъекттеринде иштеген жарандар иштеген жериндеги эмгек акысы жөнүндө маалыматтарды аймактык бөлүмгө беришет.

40. Субсидия берүүдө жарандын орточо жыйынды кирешесин эсептөө тартиби "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 29.06.2018-жылдагы № 307 токтому менен бекитилген.

 

VI. Субсидияларды берүү менен байланышкан чыгымдарды каржылоо

 

41. Субсидияларды берүүгө байланышкан чыгымдарды каржылоо Майлуу-Суу шаардык кеңешинин кезектеги финансылык жылга карата бюджет боюнча чечими менен белгиленген көлөмдөрдө, шаардын бюджетинин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

 

 

Майлуу-Суу шаарынын жарандарына суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарына акы төлөөдө субсидияларды берүү тартиби жөнүндө Жобого Тиркеме

 

Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын алдындагы Социалдык коргоо комиссиясына

______________________________________________________________________________

АРЫЗ

 

 Мен, _________________________________________________________________________

(Аты-жөнү)

 дареги боюнча жашаган: ________________________________________________________

______________________________________________________________________________

            Мага (менин үй-бүлөмө) (_______________адамдан турган ) суу менен камсыздоо жана

саркынды сууларды чыгаруу кызматына акы төлөө үчүн субсидия берүүңүздү өтүнөм.

 

Субсидия алуу укугумду тастыктоо үчүн төмөнкү маалыматтарды билдирем:

 

  1. Бул турак жай мен жана башка үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан кошумча жалдоого жана

ижарага берилбейт.

 

  1. Эсептешүү мезгилинде, менде жана үй бүлө мүчөлөрүбүздө ушул арыздын тиркемесинде

көрсөтүлгөндөрдөн башка кирешелер болгон эмес.

 

            Мен берген маалыматтардын туура экендиги тастыктайм, субсидия берүү шарттары менен

тааныштым жана мага, жасалма документтерди, жалган маалыматтарды бергендигим үчүн

колдонуудагы мыйзам талаптарына ылайык жоопкерчиликтер каралгандыгы жөнүндө эскертилди.

 

Арызга тиешелүү документтер тиркелет ___________баракта

 1.____________________________________________________________________________

(документтин аталышы)

______________________________________________________________________________

______________________________________________________________________________

______________________________________________________________________________

______________________________________________________________________________

 

____________________ ______________ ___________________________________________

 арыз берүүчүнүн колу     күнү, айы, жылы     паспорт сериясы, (өздүгүн тастыктоочу күбөлүк),

арыз ээсинин жашаган жери боюнча

катталган күнү, айы, жылы

 

 _______________________ _____________________________________ __________________

колу,                                                              Аты-жөнү,                                        айы, кунү, жылы,

арыз берүүчү менен туугандык                         паспорт сериясы, №

жайы бар жашы жеткен үй-бүлөдөгү              катталган жери жана күнү

башка мүчөлөрү, ошондой эле өз кирешеси бар

жашы жетпегендер

                                  

 __________________ ________________________ ________________________________

 __________________ ________________________ ________________________________

 __________________ ________________________ ________________________________

 

Үй-бүлө курамы жөнүндө маалымат

 

№

Үй бүлө мүчөсүнүн аты, атасынын аты

Туулган күнү

Туугандык жайы

Эскертүү

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 Үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалыматтардын тууралыгын тастыктайм: __________

МП ________________________________________________

 (үй комитетинин, кварталдык комитеттин, турак жай уюмунун кызмат адамынын колу)

 

 

Арыз берген айдан мурдагы 6 календардык айдагы эмгек акынын (кирешенин) өлчөмү жөнүндө маалыматтар

 

№

Алынган кирешенин түрү

киреше суммасы сом менен

Мөөрдүн орду жана кызмат адамынын колу

эскертүү

 

 

Эмгек акысынан алынган кирешелер

 

 

 

 

Аскер кызматчыларынын акысы

 

 

 

 

Социалдык төлөмдөр (пенсиялар, жөлөкпулдар, компенсациялар, стипендиялар)

 

 

 

 

Ишкердик иштен алынган кирешелер

 

 

 

 

Алимент катары алынган каражат

 

 

 

 

Менчиктен алынган кирешелер (ижара, сатуу)

 

 

 

 

Башка алынган кирешелер

 

 

 

 

Жыйынтыгы:

 

 

 

 

"___" __________ 20___ж.                                  _____________________________________

(арыз берүүчүнүн колу)

 

Үй-бүлөнүн бир айдагы орточо жыйынды кирешеси _____________ миң сом

 

"___" __________ 20___ж.                                                         __________________________

(комиссиядагы адистин колу)