Редакцияот 29.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Майлуу-Суу шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII-сессиясы

2021-жылдын 29-марты № 13-8-4

Майлуу-Суу шаарынын шаар аймагында 2021-жылда аткарыла турган жумуштардын титулдук тизмесин бекитүү жөнүндө

Майлуу-Суу шаарынын аймагында 2021-жылда аткарылуучу жумуштарга карата түзүлгөн титулдук тизменин негизинде мэрдин маалыматын угуп, талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин VIII чакырылышынын ХIII кезектеги сессиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Майлуу-Суушаарынын мэри Н.А.Маматовтун маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.

2.  Майлуу-Суу шаарынын шаар аймагында 2021-жылда жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча аткарыла турган жумуштардын титулдук тизмеси 4075,0 миӊ сомго бекитилсин (Тиркеме).

3.  Титулдук тизмеге кошумча киргизилген маселелер Титулдук тизмедеги иштетилбей калып кеткен акча каражаттардын эсебинен жежергиликтүү бюджетке кошумча түшкөн акча каражаттардан каржылануусу каралсын жана шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечими менен уруксат берилип иштетилсин.

4.  Бул токтомдун аткарылышы шаардын мэрине жүктөлсүн.

5.  Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

6.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык кеңештин бюджет,каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Майлуу-Суу шаардык кеңешинин төрагасы:

Б.К.Барбиев

 

Шаарда 2021-жылда  аткарылуучу жумуштардын тизмези

№

Иштин аталышы

Сметалык баасы миӊ.сом

Аткаруу мөөнөтү

Аткарууга жооптулар

Каржылоо булагы

Эскертме

Жалпы

Бюджеттен каржыланышы

1

2

3

4

5

6

7

8

1

Верхняя көчөсүндө сел өтүүчү канал өткөрүүгө

400,0

400,0

2021ж

ММБ

Жергиликтүү бюджет

2

Өзгөчө кырдаалдар кесепеттерин жоюуга кол тийгис фондуна

400,0

400,0

2021ж

ГЖЗС,ММБ

Жергиликтүү бюджет

3

Шаардын аймагында көчөөлөрдө жолдорду жамак жолу менен оӊдоого

700,0

700,0

2021ж

ГЖЗС

Жергиликтүү бюджет

4

Ситуациялык план түзүүгө шаардын аймагында жер тилкелерин топографиялык сүрөткө алууга

150,0

150,0

2021ж

ММБ

Жергиликтүү бюджет

5

Ооган согушунда курман болгон жоокерлерге арналган эстеликти оӊдоодон өткөрүүгө

300,0

300,0

2021ж

ММБ

Жергиликтүү бюджет

6

Ленин эстелигин оӊдоодон өткөрүүгө

150,0

150,0

2021ж

МБ

Жергиликтүү бюджет

 

7

Ленин эстелигин оӊдоого түзүлгөн документтик   сметалык долбоордун кызматын төлөөгө

15,0

15,0

2021ж

МБ

Жергиликтүү бюджет

 

8

Азык түлүк  ПРООН долбоорунун негизинде материалдарды сатып алууга

400,0

400,0

2021ж

ММБ,ГЖЗС

Жергиликтүү бюджет

9

Мэриянын кичи залын жана чатырын туруктуу оӊдоодон өткөрүүгө

300,0

300,0

2021ж

ММБ,ГЖЗС

Жергиликтүү бюджет

10

"Туберкулез V" программасы боюнча оорулуулардын транспорт чыгымдарына жана оорулууларды аныктаган саламаттык сактоо кызматкерлерине дем берүүгө

10,0

10,0

 

2021ж

Мэрия

Жергиликтүү бюджет

11

Шаардык борбордук таштанды таштоочу жайын рекультивациялоо долбоор даярдоо жана экспертизадан өткөрүүгө

350,0

350,0

2021ж

ГЖЗС

Жергиликтүү бюджет

12

СОVID-19 илдетин дарылоо үчүн бөлүнгөн бөлүмдү туруктуу(текущий) оӊдоо түзөө иштерин өткөрүүгө (эски вет. участок) жана эмерек сатып алууга

420,0

420,0

2021ж

ММБ

Жергиликтүү бюджет

13

Шаардык маданият үйүнө чоӊ залына 1 даана жылытуучу шайман (Калорифер) сатып алууга

125,0

125,0

2021ж

МБ

Жергиликтүү бюджет

14

ДМЧ балдардын денсоолугун чыӊдоого кичи борбор ачуу

150,0

150,0

2021ж

ММБ

Жергиликтүү бюджет

 

15

Шаар аймагында көчө жарыктарына  кеткен  электр энергияны эсептөө үчүн  электр эсептегичтерди сатып алуу

205,0

205,0

2021ж

ГЖЗС

Жергиликтүү бюджет

 

 

Жергиликтүү бюджет:

4 075,0

 

 

 

Жалпы:

4 075,0

 

 

Майлуу-Суу шаарынын мэри:

Н. Маматов