Редакцияот 29.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Майлуу-Суу шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII-сессиясы

2021-жылдын 29-марты № 13-8-5

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ” токтомунун долбоорун макулдашуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин 19.01.2021-жылдагы №2-2/125 сандуу катынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ” токтомунун долбоорун карап чыгып, талкуулап, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык кеӊештин VIII чакырылышынын ХIII кезектеги сессиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери,дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин 19.01.2021-жылдагы №2-2/125 сандуу катынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ” токтомунун долбоору боюнча шаардык кеңештин социалдык тармак,саламаттыкты сактоо,билим берүү,айлана-чѳйрѳнү коргоо, диний иштери,регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын чечими жана депутаттардынсунуштары эске алынсын.

2.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ” токтомунун долбооруна макулдук берилсин.

3.  Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаардык Мэриясына жүктөлсүн.

4.  Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5.  Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жана шаардын мэрине жүктөлсүн.

 

Майлуу-Суу шаардык кеңешинин төрагасы:

Б.К.Барбиев