МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII-сессиясы
2021-жылдын 29-марты № 13-8-8
Майлуу-Суу шаарынын экономикалык пландоо зоналарына байланыштуу Кз зоналык коэффициентин тактоо жана Майлуу-Суу шаарынын аймагында мүлк жана жер салыгын киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2008-ж. 17.10 №231 "Салык Кодексинин аракетке киргизилиши жөнүндө" мыйзамдын, Кыргыз Республикасынын 2010-ж. 10.02 №25 "Салык Кодексине өзгортүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү жөнүндө" мыйзамдын негизинде, Майлуу-Суу шаарынын экономикалык пландоо зоналарына байланыштуу Кз зоналык коэффициентин тактоо жөнүндө салык кызматынын башчысы С.Д.Карабаевтин маалыматын жана Майлуу-Суу шаарынын аймагында мүлк жана жер салыгын киргизүү жөнүндө шаардык кенештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, талкуулап чыгып Майлуу-Суу шаардык кенештин VIII чакырылышынын XIII кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын экономикалык пландоо зоналарына байланыштуу Кз зоналык коэффициентин тактоо жөнүндө салык кызматынын башчысы С.Д.Карабаевтин маалыматы жана Майлуу-Суу шаарынын аймагында мүлк жана жер салыгын киргизуү жөнүндө шаардык кенештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча комиссиясынын төрагасынын маалыматы эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаарынын "Экономикалык пландоо зонасына байланыштуу Кз зоналык коэффициент төмөнкүдөй такталсын:
- Майлуу-Суу шаары боюнча-1,2;
- Көк-Таш жана Сары-Бээ аймактык башкармалыгы боюнча-1,0.
3. Майлуу-Суу шаарынын аймагында 2022-жылдын 1-январынан төмөнкү салыктар күчүнө кирсин:
- Мүлк салыгы;
- Жер салыгы
жана корсөтүлгөн аймакташтырылган салыктар Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин негизинде жүргүзүлөт.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кенештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча турукту комиссияга жүктөлсүн.
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин төрагасы: | Б.К.Барбиев |