МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги II-сессиясы
2021-жылдын 11-июну № 2-9-1
Майлуу-Суу шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоодо шайлоонун натыйжаларынын протоколун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын жана Майлуу-Суу шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоонун натыйжаларынын протоколунун негизинде, Майлуу-Суу шаардык кеңештин IX чакырылышынын II кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколу бекитилсин.
2. Майлуу-Суу шаарынын мэринин кызматына Умаров Нурланбек Эшматович шайланды деп эсептелсин.
3. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин төрагасы: | А.Киргизбаев |