Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышы) 27- кезектеги сессиясы
2019-жылдын 15-июну № 15
Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтүнүн 2019-жылдын 15-июнь Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургундарын турак жай менен камсыз кылуу боюнча Программасы тууралуу № 143 буйругун бекитүү жѳнүндѳ
Айыл тургундарын жер участок менен камсыз кылуу үчүн 2019-жылы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин депутаттары жана жергиликтүү жамааттын катышуусу менен Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-майындагы «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Мыйзамынын 9-беренесинин 7-пунктуна жана 12-беренесинин 3-пунктуна ылайык, жергиликтүү аймактын шартынын негизинде даярдалган турак жай куруу үчүн жер участокторун ажыратуу, турак жайга муктаж болгон үй- бүлөлөргө жер участокторун бөлүп берүү маселелерин чечүү максатында Жаңы-Ноокат айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургундарын турак жай менен камсыз кылуу боюнча Программа жана аталган Программаны аткаруу боюнча Иш чаралар 1-жана 2-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
2. Бекитилген иш-чараларды өз убагында аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жер адисине жана айыл башчыларына жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаны-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Имамов |
| Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышы) 27-кезектеги сессиясынын 2019-жылдын 15-июнь №15 токтомуна №1-тиркеме. |
Жаңы-Ноокат айыл аймагында жашоочу тургундардын турак жай менен камсыз кылуу боюнча программаны иш жүзүнө ашыруу үчүн
Иш чаралар
№ | Аткарылуучу иштердин мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Ресурстар | Жооптуулар | Эскер- түү |
1 | Айылдардагы турак жай курууга муктаж болгон үй- бүлөлөрдүн тизмесин тактоо | 2019- жыл | Ресурс талап кылынбайт | М.Сабиров А.Махмудов А.Матисманов А.Яйлопов |
|
2 | Турак жай курууга муктаж үй-бүлөлөрдү жашоо шартына карап категорияларга бөлүштүрүү | 2019- жыл | Ресурс талап кылынбайт | М. Сабиров М. Махмудов А. Матисманов А. Яйлопов |
|
3 | Айыл тургундарына турак жай куруу үчүн жер аянттарын аныктоо | 2019- жыл | Ресурс талап кылынбайт | Э. Эргашов |
|
4 | Турак жай куруу үчүн ажыратылган жер аянтын коммуникациялык иштерге ылайыктыгы боюнча жогору турган органдарга сунуштарды берүү | 2019- жыл- | Ресурс талап кылынбайт | Э.Эргашов |
|
5 | Турак жай куруу үчүн ажыратылган жер аянттарында архитектуралык иш кагаздарын даярдоо | 2019- жыл | Жергиликтүү бюджет | Э.Эргашов М. Собиров |
|
6 | Турак жай куруу үчүн ажыратылган жер аянттарын жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитүү | 2019- жыл | Ресурс талап кылынбайт | Айыл өкмөтү |
|
7 | Турак жай куруу үчүн берилүүчү жер тилкесинин өлчөмүн жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитүү | 2019- Жыл | Ресурс талап кылынбайт | Айыл өкмөтү |
|
8 | Турак жай куруу үчүн жарандарга жер тилкелерин бөлүп берүүнү уюштуруу | 2019- 2020- жылдар | Ресурс талап кылынбайт | М. Сабиров А. Махмудов А. Матисманов А. Яйлопов |
|
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жооптуу катчысы |
А. Худайназаров |
| Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышы) 27-кезектеги сессиясынын 2019-жылдын 15-июнь №15 токтомуна № 2-тиркеме. |
Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургундарын турак жай менен камсыз кылуу боюнча Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Программасы
1. Киришүү
2. Программанын максаты жана милдеттери
3. Айыл тургундарын жер участогу менен камсыз кылууну иликтөө
4. Программаны иш жүзүнө ашыруунун механизимдери
5. Күтүлүүчү натыйжалар
1. Киришүү
Жаңы- Ноокат айыл аймагынын тургундарын турак жай менен камсыз кылуу боюнча Программа (мындан ары — Программа) Кыргыз Республикасынын «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талабын аткаруу максатында даярдалган.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-беренесинде жер участогу Кыргыз Республикасынын жарандарынын менчигине ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында акысыз түрдө бир жолу турак жай курууга берилет деп белгиленген.
Жаңы-Ноокат айыл аймагында азыркы күндө элдин саны 28 386 кишини түзөт. Жыл сайын жаңыдан үй-бүлө кургандардын санынын өсүү динамикасы жогорулап, 2017-жылы 290, 2018-жылы 340, 2019-жылдын 6 айында 210 үй-бүлө курулган. Адам санынын эсебинен чоң кожолуктарда турмуш курган жаңы үй-бүлөлөрдүн саны эки жана үчкө жеткендиги, ар түрдүү себептер менен турмушу бузулуп кеткен үй-бүлөлөрдүн жана ден соолугуна байланыштуу үй-бүлө курууга мүмкүнчүлүгү жок айыл тургундарынын санынын артышы, жер участогун алууга мыйзам чегинде жеңилдиги бар айыл тургундары боюнча иликтөө иштери жүргүзүлгөн убакытта алардын саны 1370 кишиге жеткен.
Айыл аймагындагы калктуу конуштар боюнча турак жайга муктаж болгон үй-бүлөлөрдү иликтөө иштеринин жыйынтыгы:
№ | Айылдардын аталышы | Кожолуктун саны | Турак жай курууга муктаж адамдардын саны | Эскертүү |
1 | Катта Тал | 2200 | 510 |
|
2 | Жандама | 826 | 360 |
|
3 | Дөң-Кыштак | 1290 | 285 |
|
4 | Кызыл-Тейит | 301 | 90 |
|
5 | Бардыгы | 5012 | 1245 |
|
Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы калктуу конуштар боюнча турак жай куруу үчүн ажыратылган жер участоктору:
| № | Айылдардын аталышы | Ажыратылган жер аянтынын өлчөмү, га |
|
1 | Катта Тал | 31,84 |
|
2 | Жандама | 31,29 |
|
3 | Дөн-Кыштак | 20,51 |
|
4 | Кызыл-Тейит | 6,12 |
|
5 | Айыл аймагы боюнча | 89,76 |
|
2019-жылы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин депутаттары жана жергиликтүү жамааттын катышуусу менен жергиликтүү аймактардын шарттарын карап, турак жай куруу үчүн жер участогун ажыратуу турак жайга муктаж болгон жарандарга жер участогун бөлүп берүү иштери Программанын негизинде жүргүзүлүүсү белгилеген.
2. Программанын максаты жана милдеттери
Жаңы-Ноокат айыл аймагында жашаган жаңы курулган үй-бүлөлөрдү жана айыл тургундарынын жашоо денгээлин жогорулатуу, жаштарды өз алдынча чарба жүргүзүүсүнө шарт түзүү максатын иш жүзүнө ашыруу үчүн төмөнкү милдеттерди аткаруу зарыл.
Айылдардагы турак жай курууга муктаж болгон үй-бүлөөлөрдүн тизмесин тактоо
Турак жай курууга муктаж үй-бүлөөлөрдү жашоо шартына карап категорияларга бөлүштүрүү
Айыл тургундарына турак жай куруу үчүн жер аянттарын аныктоо
Айыл тургундарына турак жай куруу үчүн жер аянттарын аныктоо
Турак жай куруу үчүн ажыратылган жер аянтын коммуникациялык иштерге ылайыктыгы боюнча жогору турган органдарга сунуштарды берүү
3. Айыл тургундарын жер участок менен камсыз кылууну иликтөө
Жарандарга турак жай куруу үчүн бөлүнүп бериле турган жерлер Жаңы- Ноокат айыл аймагында турак жай куруу үчүн пландаштырылган 31,68 га жер аянты Катта-Тал айылынын Күнгөй жана Алгаз бөлүмүндө Сурпа-Тош бөлүмүндө № 228, 638, 658, 645, 651, 663, 655, 656, 657, 662, 653 контурларында, Жандама айылында пландаштырылган 31,46 га жер аянты № 2243, 2459, 888, 889, 2447, 2769, 2471, 2480, 866, 872, контурларында, Дөң-Кыштак айылында пландаштырылган 20,50 га жер аянты № 64, 68,138, 139, 4849, контурларында. Кызыл-Тейит айылында 6,12 га жер аянты № 502, контурунда жайгашган жана баалуулугу кыйла төмөн, жасалма жол менен бак дарак тигилген жерлер. Бул бак дарактардын түшүмдүлүүгү аз жана экономикалык жактан эффективдүү эмес.
4. Программаны иш жүзүнө ашыруунун механизимдери
Жер участогун которуу боюнча иш кагаздары жергиликтүү кызматтардын, анын ичинде архитектура жана курулуш, айлана-чөйрөнү коргоо, айыл жана суу чарбасы, саламаттыкты сактоо, өзгөчө кырдаалдар, энергетика, жер пайдаланылышын контролдоо инспекциясы жана башка райондук структуралар менен макулдашылып иш жүзүнө ашырылат.
Пландаштырылган жер аянттарынын калктуу конушка жакын жайгашуусу инженердик коммуникацияларды, электр энергиясынын берүү линияларын, суу түтүктөрүн, телефон линияларын тартууга, ошондой эле социалдык объектилерди, анын ичинде: мектеп, балдар бакчасын, медициналык объектилерди курууга мүмкүнчүлүгү бар экендигин аныктайт.
Жаңы-Ноокат айыл аймагында жашоочу калктын биринчи кезекте кожолукта эки жана үч келини бар үй-бүлөөлөрдүн социалдык маселелери чечилет, мыйзам чегинде жеңилдиктери бар болгон айыл тургундардын мамлекетке болгон ишеничтерин бекемдейт, ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген, жугуштуу ооруга дуушар болгон адамдардын жашоого болгон кызыгуусун арттырууга, үй-бүлөлөрдө психологиялык абалды стабилдештирүүгө, жаш үй-бүлөлөрдүн араздашуу жана ажырашуу маселелерин азайтуу маселеси чечилиши күтүлүүдө.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жооптуу катчысы |
А. Худайназаров |