Редакцияот 29.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 7-сессиясынын кезектеги отурумунун

2021-жылдын 29-октябры № 1

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин 9 ай ичинде аткарылышын кароо жөнүндө

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Мамажакыпов Өскөнбай Кубатидиновичтин жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Сабыржанов Эркинбек Мэражидиновичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюжетинин 9 ай ичинде аткарылышы тууралуу Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 7-сессиясынын кезектеги отуруму талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2021жылдагы бюджетинин 9 ай ичинде киреше бөлүгү 22 543 300 сомго бекитилип ал эми чыгаша бөлүгү 32 943 102 сомду түзүп,

- Аппаратка 9 318 904 сом

- Мектептерге 4 256 415 сом

- Бала бакчаларга 8 887 816 сом

- Бала бакчалардын атайын каражаттарына 1 124 475 сом

- Китепканаларга 429 938 сом

- Маданий иш чараларга 396 000 сом

- Клубтарга 434 763 сом

- Өзгөчө кырдаалдарга 235 350 сом

- ЖКХ 5 613 431 сом

- Социалдык жардамдарга 398 000 сом

- Компенсацияга 1 486 400 сом

- Айылдык кеңешке 365 727 сом

- Соц пакет 2 000 500 сом

- Жайытка 361 610 сом жумшалгандыгы канаатандыраарлык деп табылсын.

2. Токтомдун аткарышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Г.Мадалиев