Редакцияот 29.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 7-сессиясынын кезектеги отурумунун

2021-жылдын 29-октябры № 3

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин аппарат бөлүмүнүн атайын каражат эсебине ашыкча чегерилген акча каражатын кайра бөлүштүрүү жөнүндө

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Мамажакыпов Өскөнбай Кубатидиновичтин жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Сабыржанов Эркинбек Мэражидиновичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин аппарат бөлүмүнүн атайын каражат эсебине ашыкча чегерилген акча каражатын кайра бөлүштүрүү жөнүндө долбоорун Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 7-сессиясынын кезектеги отуруму талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин аппарат бөлүмүнүн атайын каражат эсебине ашыкча чегерилген 118 200 сом акча каражаты төмөнкүдөй бөлүнүп жумшалсын.

- аппарат бөлүмүнүн атайын каражат эсебинин 2222 беренесине 13 200 сом

- аппарат бөлүмүнүн атайын каражат эсебинин 2214 беренесине 105 000 сом

 

2. Токтомдун аткарышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Г.Мадалиев