ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 7-сессиясынын кезектеги отурумунун
2021-жылдын 29-октябры № 7
Чоң-Алай айыл өкмөтүно караштуу айылдардагы сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 512 “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин курулуп калган турак үйлөрдүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тийиштүү органдарынын чечимдери болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которууга (трансформациялоого) макулдук берүү боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 7-сессиясынын кезектеги отуруму талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн аймагындагы мурунку колхоз, совхоз мезгилинде тактап айтканда 1989-2009-жылдардагы курулуп калган турак үйлөрдүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук тастыктоочу чечимдери болгон №1-тиркемеге ылайык, жалпы 118,58 га жер аянттары “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын сугат айдоо түрүнөн, “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Ө. Мамажакыповго жана жер маселелери боюнча башкы адис З.Исаковго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
(токтом №1-тиркемеси менен жарактуу болуп эсептелинет)
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Г.Мадалиев |
| Чоң-Алай айылдык кеңешинин 2021-жылдын 29-октябрындагы 7-сессиясынын кезектеги отурумунун № 7 токтомунун № 1-тиркемеси |
- Дароот-Коргон айылынын 1326-контурундагы 4,45 га сугат айдоо;
- Жар-Башы айылынын 1168, 1170, 1172, 1178, 1169, 1152 контурларындагы 38,35 га сугат айдоо;
- Чак айылын 1058 контурундагы 16,13 га сугат айдоо;
- Кызыл-Эшме айылынын 325 контурундагы 7,01 га сугат айдоо;
- Кара-Шыбак айылынын 1430 1432, 1433, 1434, 1435, 1436, 1386 контурларындагы 20,14 га сугат айдоо;
- Жаш-Тилек айылынын 942, 948, 967, 968, 969, 970, 973, 976 контурларындагы
23, 23 га сугат айдоо;
- Кулчу айылынын 1104, 1107 контурларындагы 9,27 га сугат айдоо;
Жалпы 118, 58 га жер аянт.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: | Г.Мадалиев |