Загрузка документа…
ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Он-Эки-Бел айылдык кеңешинин V1 чакырылыштагы кезектеги XX сессиясынын
2019-жылдын 26-декабры № 20-2
Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин аткарылышы , 2020 -жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин жана 2021-2022- жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө
Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн 2018-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы, 2020-жылга каралган айыл өкмөтүнүн жана 2021-22-жылдарга болжолун бекитуу жөнүндөгү маселени « Кыргыз Республикасынын 2020-жылга Республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндөгү » Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган долбоор тиешелуу мекеме- ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Он Эки Бел айылдык кеңешинин « Экономика, бюджет, соода жана ишкердуулук » боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган . Кыргыз Республикасынын « Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жана жергиликтуу мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү » Мыйзамынын 27-статьясынын 5 пунктуна ылайык депутаттардын Он Эки Бел айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылга Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 10401,2 сом өлчөмүндө бекитилсин .
2. 2020-жылга айылдык бюджеттин кирешелерин тузүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар № 1-тиркемеге ылайык аныкталсын.
Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2020-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде , ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соц. фондко чегеруу , тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.
3. Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн 2021-2022 -жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү № 2,3 тиркемеге ылайык колдоого алынсын .
Кирешенин болжолу 2021-жылга 10903,5 сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 2905,1 сом менен) жана 2022 -жылга 11090,7 сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 2847,1 сом менен) белгиленсин.
Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн 2021-2022-жылдарга айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын , аларды ар бир конкреттуу мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленет.
5. Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калары аныкталсын.
Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары , мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын .
Атайын каражаттар казыналыктан тышкары ( бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда Кыргыз Республикасынын « Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндөгү » Мыйзамынын 14-беренесинин 2-пунктуна ылайык бул каражаттын 100 пайыз республикалык бюджетке алынып коюулары эскертилсин
6. Айыл айыл өкмөтүнүн башчысы төмөнкүлөргө укуктуу: *
-Ушул токтомдун 1- беренесинде бекитилген суммалардын чегинде , эгер бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнөн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизуугө:
ченемдик укуктук актыларды өзгөртүүсүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө:
киреше бөлүгүнөн белгиленген пландан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен чыгаша бөлүгүнүн өлчөмүн көбөйтүү жагын кароо:
7.2019-жылга айылдык бюджеттин киреше бөлүгунун пландарынан ашыкча аткарылшынан түшкөн каражаттарды бөлүштурүү жана өзгөртүү киргизүү айылдык кенешке ыйгарылсын
8. Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык - экономикалык негиздерин чындоо ,алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу , сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
9. Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн 2018-жылдаг айылдык бюджеттин киреш бөлүгү 8097,4 сомго , чыгаша бөлүгү 8097,4 сомго белгиленсин.
10. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Он Эки Бел айылдык Кенешинин “Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Он Эки Бел айылдык кеңешинин төрагасы: |
Д.Кантов. |
| Он Эки Бел айылдык кенешинин VI чакырылыштагы кезектеги XX сессиясынын 20-2 токтомуна № 1 тиркеме .
|
Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020 -жылга киреше жана чыгаша бөлүмү.
Катар № | Аталышы | Сумма |
| К И Р Е Ш Е |
|
1 | Жергиликтүү киреше | 5967,1 |
2 | Атайын каражат | 1242,0 |
3 | Толуктоочу грант | 3192,1 |
| Бардыгы | 10401,2 |
| ЧЫГАША |
|
1 | Башкаруу аппараты | 4005,9 |
2 | Резервдик фонд | 84,0 |
3 | Граждандык коргонуу | 60,0 |
4 | Жайыт боюнча | 217,0 |
5 | Айыл чарба ( экономикалык) | 110.0 |
6 | Коммуналдык чарба | 993,6 |
7 | Маданият тармагы | 511,9 |
8 | Билим берүү | 4158,8 |
9 | Социалдык коргоо | 260,0, |
10 | Бардыгы | 10401,2 |
Он Эки Бел айылдык кенешинин жооптуу катчысы |
У.Сулайманова |
| Депутаттардын Он Эки Бел айылдык кенешинин VI чакырылыштагы кезектеги XX сессиясынын 20-2 токтомуна № 2 тиркеме .
|
Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020- жылга айылдык бюджетинин болжолу ( мин сом ).
Катар № | Кирешелердин атылышы | Сумма |
1 | Салык агенти төлөгөн киреше салыгы | 3904,0 |
2 | Чакан ишкердиктин субьектилери үчүн бирдиктүү салык | 43,2 |
3 | Милдеттүү патентөө негизиндеги салык | 23,2 |
4 | Ыктыяддуу негизинде патентөө салык | 154,4 |
5 | Кыймылсыз мулккө салык | 47,0 |
6 | Жеке адамдардын транспорт каражатына салык | 620,0 |
7 | Физикалык тараптардан алынуучу жер салыгы. | 263,3 |
8 | Айыл чарба багытындагы жер салыгы | 783,2 |
9 | Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы | 130,0 |
10 | Лицензия | 10,0 |
11 | КБФнын ижара акысы | 350,0 |
12 | Таштанды төлөмү | 130,3 |
13 | Калктуу пункттардагы жерлерден алынуучу салык | 80,0 |
14 | Жайыт ижарасы үчүн акы | 217,0 |
15 | Атайын каражаттар | 1242,0 |
| Жергиликтүү киреше | 7997,6 |
16 | Тендөөчу грант | 2905,9 |
17 | Жалпы киреше | 10903,5 |
Он Эки Бел айылдык кеңешинин жооптуу катчысы |
У.Сулайманова. |
| Депутаттардын Он Эки Бел айылдык кенешинин VI чакырылыштагы кезектеги XX сессиясынын 20-2 токтомуна № 3 тиркеме. |
Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022-жылга айылдык бюджетинин болжолу ( мин сом ).
Катар № | Кирешелердин атылышы | Сумма |
1 | Салык агенти төлөгөн киреше салыгы | 4150,0 |
2 | Чакан ишкердиктин субьектилери үчүн бирдиктүү салык | 43,2 |
3 | Милдеттүү патентөө негизиндеги салык | 23,2 |
4 | Ыктыяддуу негизинде патентөө салык | 154,4 |
5 | Кыймылсыз мулккө салык | 47,0 |
5 | Жеке адамдардын транспорт каражатына салык | 620,0 |
6 | Физикалык тараптардан алынуучу жер салыгы. | 263,3 |
7 | Айыл чарба багытындагы жер салыгы | 783,2 |
8 | Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы | 130,0 |
9 | КБФнын ижара акысы | 350,0 |
10 | Таштанды төлөмү | 130,3 |
11 | Лицензия боюнча төгүү | 10,0 |
12 | Калктуу пункттардагы жерлерден алынуучу салык | 80,0 |
13 | Жайыт ижарасы үчүн акы | 217,0 |
14 | Атайын каражаттар | 1242,0 |
15 | Жергиликтүү киреше | 8243,6 |
16 | Тендөөчу грант | 2847,1 |
18 | Жалпы киреше | 11090,7 |
Он Эки Бел айылдык кеңешинин жооптуу катчысы |
У.Сулайманова |
|
|