Загрузка документа…
ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Он-Эки-Бел айылдык кеңешинин V1 чакырылыштагы кезектеги-XX1I сессиясынын
2020-жылдын 19-февралы № 22-1
Он Эки Бел айыл аймагындагы билим берүү мекемелерин интернет желеси менен камсыз кылуу жөнүндөгү маселе
Күн тартибиндеги айыл аймагындагы мектептерди жана бала бакчаларды интернет желеси менен камсыздоо боюнча айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Парманованын маалыматын айылдык кеңешинин депутаттары угуп чыгышып төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Он Эки Бел айыл аймагындагы бардык мектептер, бала бакчалар 2020-жыл ичинде интернет байланышы менен камсыз кылынсын.
2. Интернет байланышы үчүн бөлүнүп берилген каражатты өз убагында камсыз кылып которуп берүү айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Пармановага тапшырылсын.
3. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын курамына жүктөлсүн.
Он Эки Бел айылдык кеңешинин төрагасы : |
Д.Кантов.
|