Загрузка документа…
ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Он-Эки-Бел айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги-XX1 сессиясынын
2020-жылдын 19-февралы № 22-2
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн, 2019-жылдын 30-декабрындагы 01-080/0179 сандуу жазма буйругу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн, 2019-жылдын 30-декабрындагы 01-080/0179 сандуу жазма буйругунда айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-январынан тартып 2018-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилдеги бюджетинин аткарылышында кетирилген кемчилдиктерге баа берүү жана чара көрүү Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары,Ош,Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн тарабынан айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-январынан тартып 2018-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы эске алынсын.
2.Айыл өкмөтүнүн бюджеттик каражаттарын пайдаланууда, каржы-экономикалык бөлүмүнүн адистери тарабынан максатсыз чыгымдарга жол бергендиги белгиленсин жана кемчилдиктерди жоюуу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан иш-чаралар көрүлсүн.
3.Айыл өкмөтүнүн бюджеттик мекемелеринде электр энергиясын пайдаланууда лимиттен ашыкча сарптоону бюджеттик мекеме-ишканалардын жетекчилерине талапка ылайык жүргүзүү, айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына эскертилсин. 4.Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын курамына жүктөлсүн.
Он Эки Бел айылдык кенешинин төрагасы : |
Д.Кантов.
|