Загрузка документа…
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Александровка айылдык кеңешинин сессиясынын XXVIII чакырылыштагы
2021-жылдын 5-октябры № 132
“2022 – жылга карата Александровка айыл аймагынын калктуу конуштарындагы жер тилкелеринен жана айыл чарба эмес жерлерден жер салыгын эсептөө үчүн К – 3 зоналык коэффициентин бекитүү жөнүндө”
Александровка айыл өкмөтүнүн киреше боюнча башкы адиси М.Ягузанын маалыматын уккандан кийин.
Салык кодексинин 339 – беренесинин, 4 – бөлүгүнө ылайык калктуу конуштардын жана айыл чарбалык эмес жерлердин жер салыгын эсептөө үчүн зоналык коэффициент талап кылынгандыгына байланыштуу.
Александровка айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Александровка айыл аймагынын калктуу конуштарында чектеш, чарбалык жана бакча участокторун пайдалануу үчүн К – 3 зоналык коэффициенттин мааниси белгиленсин:
Александровка айылы – 1,0
Беш – Көрүк айылы – 1,0
Крупское айылы – 1,0
2. Александровка айыл аймагынын калктуу конуштарындагы айыл чарбага жараксыз жерлерди пайдалануу үчүн К – 3 зоналык коэффициенттин маанилерин белгилөө:
Александровка айылы – 1,2
Беш – Көрүк айылы – 0,9
Крупское айылы – 1,1
3. Салык кызматынын адистерине күнүмдүк иштеринде ушул коэффициентти жетекчиликке алууну сунуштайбыз;
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айылдык кеңешинин пландоо жана бюджет, социалдык мыйзамдуулук жана этика боюнча комиссиясынын төрагасы И.Шариповго жүктөлсүн.
Александровка айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ш.И.Ягузов |