Загрузка документа…
ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Он-Эки-Бел айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги-XX111 сессиясынын
2020-жылдын 16-марты № 23-2
Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн аймагындагы “ Нарай суу” ИСКАКБсынын башчысы Ж.Рахмановдун 2019-жылда аткарган иштери жана 2020 -жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 55 беренесинин 5 пунктунун талаптарын аткарууга алуу боюнча Он Эки Бел айыл аймагындагы “Нарай суу” ИСКАКБ”сынын 2019-жылда аткарган иштери жана 2020-жылга карата план тапшырмалары жөнүндөгү Ж.Рахмановдун билдирүүсүн айылдык кенешинин депутаттары угуп жана талкуулап айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Нарай суу” ИСКАКБсынын башчысы Ж.Рахмановдун 2019-жылда калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча жүргүзгөн иштери канаатандырарлык деп эсептелинсин .
2. “ Нарай суу” ИСКАКБсынын 2020-жылга бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 1 638 068 сом ( бир миллион алты жузоттуз сегиз мин алтымыш сегиз ) сом эсебинде бекитилсин .
3. 2020- жылга суу пайдалануучулар үчүн тарифтик өлчөмү көчөдөгү кудуктан суу ичкендер үчүн бир адамга 15.77 сомдон, короодогу кудуктан ичкендерге 27.04 сомдон, жаныдан короого суу линиясын киргизүү үчүн 3000 сомдон 1 м 3 суунун наркы 15 сом 02 тыйын, мекеме-ишканалар үчүн 1 куб 18 сом 02 тыйын, Шевелевдин таблицасынын негизинде трубанын даиметрине карап литр-секунд м 3 15,02 сом болуп бекитилсин. Айыл аймагындагы ишканалар түзүлгөн келишимге ылайык же болбосо суу өчүргүч прибор аркылуу суунун көлөмүнө куб метр эсептелинип төлөнөт.
4. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын ишке ашыруу “Нарай суу” ИСКАКБсынын текшерүү комиссиясына тапшырылат.
5 .Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Он Эки Бел айылдык кенешинин төрагасы : |
Д.Кантов.
|