Загрузка документа…
ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Он-Эки-Бел айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз-XXVсессиясынын
2020-жылдын 19-июну № 25-2
Он Эки Бел айыл кеңешинин штаттык жадыбалын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы №124 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому жана 2020-жылдын 5-февралындагы №64 “Айылдык кеңештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомунун негизинде калкы 6001ден жогору болгон Он Эки Бел айыл аймагынын Он Эки Бел айылдык кеңешинде 1 штаттык кызмат орду (Он Эки Бел айылдык кеңештин жооптуу катчысы) жана анын айлык акылары каралгандыгын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2020-жылдын 28-майындагы №01-25/119-сандуу чыгуу катынын негизинде Он Эки бел айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын штаттык жадыбалын бекитип берүү боюнча Он Эки Бел айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому жана 2020-жылдын 5-февралындагы №64 “Айылдык кеңештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтому жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
2. Он Эки Бел айыл кеңешинин 1 (бир) жооптуу катчысы штаттык бирдиги бекитилсин. (№1 Тиркеме тиркелет)
3. Бекитилген штаттык бирдикке акча каражатын төлөп берүү жагы Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн ФЭБнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Он Эки Бел айылдык Кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» жана «Укук, регламент жана мыйзамдуулук » боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Он Эки Бел айыл кеңешинин төрагасы |
Д.Кантов
|
| Депутаттардын Он Эки Бел айылдык кенешинин (VI-чакырылышы) кезексиз ХXV сессиясынын №25-2- токтомуна № 1 тиркеме |
Он Эки Бел айыл Он Эки Бел айыл кеңешинин
| 2020-жылдын 01-июлуна карата штаттык саны жана түзүлүшү
| |||||||||||
№ | Ф.И.О. | кызматы | Кызматтын | штат. | миним. |
| Бир | эмгек стажы | башка | кошум | ||
| штаттык | саны | баз. | коэф. | айлык | стаж | стаж | сумма | төлөм | төлөмдөр | ||
| аталышы | ставка |
| эмгек акы | жыл | % |
| чин | ||||
1 |
| Жооптуу катчы | Жооптуу катчы | 1 | 5000 | 2,27 | 11500 |
|
|
|
| |
| бардыгы |
|
| 1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
Жооптуу катчы: | У.Сулейманова. | |||||||||||