Загрузка документа…
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Александровка айылдык кеңешинин XXIX чакырылыштагы
2022-жылдын 12-августу № 29
Александровка айыл аймагындагы жер тилкелерин которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11, 13-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер тилкелерин которуу шарты жөнүндө” убактылуу Жобосуна, 2022-жылдын 05-августундагы жер тилкелерин которуу жөнүндө райондук комиссиянын корутундусуна ылайык жана Александровка айыл аймагынын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы “жайыттар” жерлерине караштуу №621, 620, 619, 647, 841, 828, 529, 536- контурларында жайгашкан жер тилкелерин которуу жөнүндө материалдарды карап жана талкуулап чыгып
Александровка айыл аймагынын кеңеши
ТОКТОМ кылат:
1. Москва райондук мамлекеттик администрациясынын алдында Александровка айыл аймагынын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы “жайыттар” жерлерине караштуу №621, 620, 619, 647, 841, 828, 529, 536- контурларында жайгашкан жалпы аянты 22.8 га жер тилкелерин Александровка айылы боюнча жеке турак жай курууга “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу жөнүндө өтүнүү.
2. Ушул токтом Москва райондук мамлекеттик администрациясына бекитүүгө жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Александровка айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Александровка айылдык кеңешинин төрайымы |
М.Давузова |