Загрузка документа…
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Александровка айылдык кеңешинин XXIX чакырылыштагы
2022-жылдын 12-августу № 30
Александровка айыл аймагындагы жер тилкелерин которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11,13-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер тилкелерин которуу шарты жөнүндө” убактылуу Жобосуна ылайык Александровка айыл аймагынын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы “жайыттар” жерлерине караштуу №379-контурундагы 0.25 га, №885 контурундагы 3,40га жалпы аянты 3,65 га жер тилкелерин которуу жөнүндө материалдарды карап жана талкуулап чыгып
Александровка айыл аймагынын кеңеши
ТОКТОМ кылат:
1. Александровка айыл аймагынын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы “жайыттар” жерлерине караштуу №379 контурундагы 0,25га, №885-контурундагы 3,40га, жалпы аянты 3,65 га жер тилкелерин, эс алуучу жай жана таштандыларды кайра иштетүү боюнча цех куруу үчүн “Өңөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтом Москва райондук мамлекеттик администрациясына бекитүүгө жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Александровка айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Александровка айылдык кеңешинин төрайымы |
М.Давузова |