Загрузка документа…
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Александровка айылдык кеңешинин XXIX чакырылыштагы
2022-жылдын 15-августу № 31
Александровка айыл аймагындагы жер тилкелерин которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11,13-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер тилкелерин которуу шарты жөнүндө” убактылуу Жобосуна ылайык Александровка айыл аймагынын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы “жайыттар” жерлерине караштуу №381, №402 контурларында жайгашкан жер тилкелерин которуу жөнүндө материалдарды карап жана талкуулап чыгып
Александровка айыл аймагынын кеңеши
ТОКТОМ кылат:
1. Александровка айыл аймагынын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы “жайыттар” жерлерине караштуу №381 контурундагы 0,85га, №402-контурундагы 2,25га, жалпы аянты 3,10 га жер тилкелерин, эс алуучу жай жана спорт комплексин куруу үчүн “Өңөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга(трансформация) макулдук берилсин.
2. Ушул токтом Москва райондук мамлекеттик администрациясына бекитүүгө жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Кайназаровко жүктөлсүн.
Александровка айылдык кеңешинин төрайымы |
М.Давузова |