Загрузка документа…
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Александровка айылдык кеңешинин XXIX чакырылыштагы
2022-жылдын 2-сентябры № 32
Ичүүчү сууну пайдалануучулар коомдоштугунун иш аракети жана сууну колдонууга тариф жөнүндө
2022-жылдын 24-майында айылдык кеңештин №13-токтому менен бекитилген Александровка айылдык кеңешинин Регламентине жана айылдык кеңештин этика, социалдык мыйзамдуулук жана план-бюджеттик туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 24-августундагы протоколунун чечимине ылайык
Александровка айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ кылат:
1. “Эки тамчы суу” ичүүчү сууну пайдалануучулар коомдоштугунун төрагасы Р.Шамузанын маалыматтык анализи канаттандыраарлык эмес деп саналсын.
2. Александровка айылында ичүүчү сууну пайдаланууга төлөй турган тариф мурунку бойдон ар бир абоненттен 30 (отуз) сом деп саналсын.
3. “Эки тамчы суу” ичүүчү сууну пайдалануучулар коомдоштугунун төрагасы Р.Шамузага сууну пайдалануучулар менен түзүлгөн келишимге ылайык үзгүлтүксүз суу менен камсыздоо сунушталсын.
4. “Эки тамчы суу” ичүүчү сууну пайдалануучулар коомдоштугунун төрагасы Р.Шамузага ичүүчү сууга төлөнүүчү тарифтин баасын аныктоо маселеси сууну пайдалануучулар чогулушунда чечүүсү сунушталсын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кеңештин айылдык кеңештин этика, социалдык мыйзамдуулук жана план-бюджеттик туруктуу комиссиясынын төрагасы Г.Булазовага жүктөлсүн.
Александровка айылдык кеңешинин төрайымы |
М.Давузова |