Загрузка документа…
Александровка айыл аймагынын
Александровка айылдык кеңешинин
2022-жылдын 23-декабрындагы № 48
токтомуна ылайык
ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Александровка айылдык кеңешинин XXIX чакырылыштагы
2022-жылдын 2-сентябры № 33
Жерлерди колдонуу жана ижара төлөмү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II-бөлүгүнүн 27-беренесине ылайык, айылдык кеңештин айыл чарба, жер жана турак жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 12-августундагы чечимине ылайык жана Александровка айыл өкмөтүнүн бюджетин толтуруу максатында
Александровка айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ кылат:
1. Александровка айыл аймагынын жогору жагында жайгашкан бардык жерлеринин ар бир гектарына 5000(беш миң) сом ижара баасы коюлсун.
2. Александровка айыл аймагынын төмөн жагында жайгашкан бардык кайрак жерлеринин ар бир гектарына 5000(беш миң) сом ижара баасы коюлсун.
3. Александровка айыл аймагынын төмөн жагында жайгашкан бардык сугат жерлеринин ар бир гектарына 10000(он миң) сом ижара баасы коюлсун.
4. Бардык жерлерди бөлүштүрүү милдети Александровка айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча жумушчу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кеңештин айыл чарба, жер жана турак жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Ясыровко жүктөлсүн.
Александровка айылдык кеңешинин төрайымы |
М.Давузова |