Загрузка документа…
ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Он-Эки-Бел айылдык кеңешинин V1 чакырылышынын кезектеги-XXV11 сессиясынын
2020-жылдын 23-октябры № 27-1
Он Эки Бел айылдык кенешинин жер аянтарына менчик укуктарды берүү , жер аянттарын конкурс, түз жана аукцион жолу менен сатуу , ижарага берүү боюнча түзүлгөн жер комиссиясынын 2020-жылдын 8-сентябрындагы отурумунун № 2 протоколун бекитип берүү жөнүндө
Он Эки Бел айылдык кенешинин жер аянттарына менчик укуктарды берүү , жер аянттарын конкур түз жана аукцион жолу менен сатуу , ижарага берүү боюнча түзүлгөн жер комиссиясынын 2020-жылдын 8-сентябрындагы отурумунда каралган Он Эки Бел айыл аймагындагы Нарай айылынын Абшыр-Сай жана Сапарбаев 2 каналынын ортосундагы айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарбасына ынгайсыз , таштак ,бош жаткан жер аянтарына элдер өз алдынча таштандыларды таштап жаткандыгына байланыштуу , аларды токтотуу жана ал жер аянтына өз каражатынын эсебинен күнөскана жана мал кармоочу жай курууга убактылуу узак мөөнөткө ижарага ажыратып берүү үчүн айыл өкмөтүнүн Нарай айылынын тургуну Нурдинов Алтынбек Абдилакимовичке макулдук берүү боюнча № 2 протоколун карап чыгып жана айыл аймагындагы муниципалдык жер аянттарын өз багытында пайдалануу жана калкты азык түлүк менен камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген типтүү жобонун негизинде Он Эки Бел айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Он Эки Бел айылдык кенешинин жер аянттарына менчик укуктарды берүү , жер аянттарын конкурс , түз жана аукцион жолу менен сатуу , ижарага берүү боюнча түзүлгөн жер комиссиясынын 2020-жылдын 8- сентябрындагы отурумунун № 2 протоколу бекитилсин.
2. Он Эки Бел айыл аймагындагы Нарай айылынын Абшыр-Сай жана Сапарбаев 2 каналынын ортосундагы айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарбасына ынгайсыз , таштак, бош жаткан жер аянттарына элдер өз алдынча таштандыларды таштап жаткандыгына байланыштуу , аларды токтотуу жана ал жер аянтына өз каражатынын эсебинен күнөскана жана мал кармоочу жай курууга убактылуу узак мөөнөткө ижарага ажыратып берүү үчүн айыл өкмөтүнүн Нарай айылынын тургуну Нурдинов Алтынбек Абдилакимовичке келишимдин негизинде 10 (он ) жылдык мөөнөткө 0,30 га жер аянты, жылына 1000(мин) сом дон ижара акы берүү үчүн макулдук берилсин
3. Ажыратылып берүүчү жер аянттарын чек араларын тактап күнөскана жана мал кармоочу жай куруу үчүн керектүү болгон юридикалык документтерди даярдап берүү жагы Ноокат райондук шааркурулуш жана архитектура боюнча башкармалыгынан суралсын
4. Токтомду аткарууга алуу жана жер ээси менен келишим түзүү жагы Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Он Эки Бел айылдык кеңешинин төрагасы : |
Д.Кантов.
|
| Приложение |
Он Эки Бел айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышын
депутаттарынын ХХVII сессиясынын
ПРОТОКОЛУ
Он Эки Бел айылы | 23-октябрь 2020-жыл |
Сессиянын төрагасы: Катчысы: | Кантов Данияр Сулайманова У |
Он Эки Бел айылдык кенешинин алтынчы чакырылышына 21 депутат шайланган. Бугүнкү сессияга 16 депутат катышып жатат. Себептүү келбей калган депутат 5, мындан тышкары айыл өкмөтунун аппарат кызматкерлери катышып жатат.
Бугүнкү сессияны ачуу боюнча кимде кандай сунуштар Кворум бар.
Анда Он Эки Бел айылдык кенешинин алтынчы чакырлышынын жыйырма жетинчи сессиясы ачык деп жарыялансын.
Урматтуу депутаттар күн тартибине төмөнкүдөй маселелер сунуш кылынат.
КҮН ТАРТИБИНДЕ :
1. Он эки бел айыл аймагындагы Нарай айылынын тургуну А.Нурдиновдун, А.Муратовдун , Мырзы-Найман айылынын жаштарынын жана Он Эки Бел айылынын тургундарынын жер маселеси (багытын өзгөртүү) тууралуу маселелери.
УГУЛДУ: сессиянын төрагасы Д.Кантов чыгып; Урматтуу депутаттар күн тартибинде коюлган маселелер бекитилсин деген сунушка Б.Абдыкайымова балдар бакчасын ачуу үчүн СЭЦтин талаптарын аткаруу боюнча керектүү буюмдарды айыл өкмөтү алып берсин деген маселе кошуп каралсын деген сунушту кошуп депутаттардын добуш берип коюшунуздарды суранамын.
Каршы
Жок
Күн тартибиндеги маселелер бекитилди.
Урматтуу депутаттар күн тартибиндеги маселелерди кароо боюнча иштөө регламентин бекитип алсак. Сиздердинкароонуздарга төмөнкүдөй регламент сунуш кылынат.
Жер маселелерге 15 минута
Калган кошумча маселелерге 10минутадан берилип сессияны дем алышсыз аяктасак деген сунушум бар? Кимде кандай сунуш бар?
Каршы жок, калыс жок бир добуштан кабыл алынды.
Анда эмесе күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн жер боюнча комитетинин төрагасы А.Мойдуновго сөз берлип төмөнкүдөй маалымат берип кетти.
Урматтуу депутаттар биринчи маселе Нурдинов Алтынбектин Нарай айылына теплица куруу боюнча ижарага жер берүү боюнча өткөн сессияда каралып , жер комиссиясына тактап чыгуу боюнча тапшырма берилген. Биз комиссия карап чыкканда ал жер Нарай айылынын үстүндөгү Тешик-Таштын алдындагы таштанды ташталган , ынгайсыз жер болуп чыкты. Эгерде өзү ал жерди жер кылып , теплица курам деген болсо берсек болот деген пикирге келдик, биз колдоп токтом чыгарып берсек калган иштерди өздөру бүтүрүп алышат. Жеке ишкер өзү таштак жерди өздөштүрүп киреше берүүчү жерге айландырса айыл өкмөтүнө ижара акы киреше түшө тургандыгын дагы эске алып койсок.
Нурдинов А.-депутат; бул жерде жолго суу өткөн линияга зыяны тийбейт, 13 метр алыстыкта жайгашкан. Ынгайсыз таштак жер , эгерде теплица курулуп калса биринчиден жумуш орду менен камсыз болот ,экинчиден эл кышында мөмө жемиш менен камсыз болот. Бул арызды колдоп берсек эч кандай зыян тартпайбыз деген сунушту бардык депутаттар колдоп токтом кабыл алууга макул болушту.
Экинчи маселе боюнча Он Эки бел айылындагыф Муратов Акжолдун 57 сотых жер аянтынын 35 сотых жерин автозаправка куруу боюнча жердин багытын өзгөртүп берүү боюнча арыз менен кайрылган.
Депутаттардын көпчүлүгү эгерде заправка курула турган болсо айыл өкмөтүнө киреше түщө турган ишкана болуп , салык түшө тургандыгын пайдалуу жагы бар экендигин айтышып бир добуштан колдоп беришти. Бирок айыл өкмөтунүн салык кызматкери Ж. Абдивасова бул жерге жердин ээси Муратов Акжол эч кандай салык төлөбөй келгендигин айтып , биринчи салыктан болгон карыздарын өндүрүп туруп андан кийин документтештирип берүүнү суранып кетти.
Үчүнчү маселе Мырза Найман айылынын жаштары спорт комплекс куруу үчүн жер аянтын берүү тууралуу депутат Калбаев Кубаныч төмөнкүдөй билдирүү берди.
Урматтуу депутатар биздин айылга жаштар үчүн спорт аянт куруу үчүн мындан төрт –беш жыл мурда 10сотых жер сурап ,бирок каражат жоктугунан эч ким кызыкпай калып кеткен. .Бирок азыр жаштар өзү донорлорду издеп таап койдук деп жатышат. Ошондуктан мектептин 1,8 га бак жери бар. Ошол жердин дарагы жок ,пайдасы жок эле турган жеринен 0.30га жерин ажыратып беришсе деп арыз жазып келишиптир,ошондуктан бул жер муниципалдык жер эгер башталып ,курулуп калса айыл өкмөтүнүн балансында эле калат, айылдын балдары үчүн эле.
Мамадалиев Учкун-депутат; бул демилгени жаштардын суроо-талаптары ишке ашып калса келечекте спорт зал ,газон аянтча, воллейбол аянт курушат деп пландаштырып жатабыз , уюштуруучулар айылдын беш алты балдары.
Төртүнчү маселе – Он Эки Бел айылынын жаштары дагы газон спорт аянтын куруу боюнча эски мектептин алдындагы муниципалдык менчиктеги жерге спорт аянт газон курууга уруксат сурап арыз менен кайрылышкан. Азыр бардык айылдарда эле жаштардын максаты спорт аянттарын куруу, ошондуктан жаштарга колдоо көрсөтүп талаптарын орундатып берсек деген сунушту талкууга койушту.
Бул жер газонго ылайыктуубу, турак –жай үйлөргө өтө жакын ошондуктан иш бүтүп калганда элдерден нараазычылык болуп калбайбы деген талаш тартыштар болуп , биринчиден курула турган жерди так аныктап алып , жер кайсы категорияга кирген , карта боюнча толук тактап андан кийин жерине барып көрүп туруп берилсе деген сунушту колдошуп ,тактап чыгуу жагын айыл өкмөтүнүн жер адисине жана жер боюнча комиссиясына тапшырышты.
Андан кийин кошумча маселе ; депутат Б.Абдыкайимова балдар бакчасы карантинге байланыштуу иштебей жаткандыктан тамак ашка бөлүнгөн каражаттар башка жумуштарга балдар бакчасын ачып иштетүү үчүн керектүү санитардык талаптарга жооп бере турган медициналык апараттарды , инвентарларды иштеткенге берилсе берилсе деген сунушун берип кетти.
Сагынбаев Расул –туруктуу комиссиянын төрагасы, сиз айткан маселе жылдын башында бекитилип калган ал бүгүн чечилбейт, себеби аны комиссия карап чыгып токтомдун негизинде жылдырылат деген жоопту берип кетти.
Жыйындын төрагасы:
Катчысы: | Д.Кантов
У.Сулайманова |