Загрузка документа…
ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Он-Эки-Бел айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги-XX сессиясынын
2020-жылдын 24-декабры № 28-4
Он Эки Бел айыл аймагындагы Он Эки Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жыл ичинде аткарган иштери жана 2021-жылга бюджетин бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 55 беренесинин 5 пунктунун талаптарын аткарууга алуу боюнча
Он Эки Бел айыл аймагындагы Он Эки Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы И.Калмурзаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кенешинин сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ :
Он Эки Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жыл ичинде аткарган иштери жана 2020-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аткарган иштери канааттандырарлык деп эсептелинсин .
Он Эки Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга карата 230 000 сомдук сметалык божомол иш-планы бекитилсин .
АРИС тарабынан келген долбоорлорду туура өз багытында пайдалануу менен дизельдик электрогенератор сатып алуу жайыт комитетине тапшырылсын.
Он Эки Бел окмотунун аймагында шарттуу мал башына анын ичинен: кара мал , эчки, жылкы, торпокко-бир сезонго 120 сом . бир айга 20 сом , койго-бир сезонго 84 сом , бир айга 12 сом олчомундо жайыт акысы бекитилсин, жана жайытка чыгуу боюнча график жазда жайытка чыгуу 1-апрелден ,кузундө малдарды коюп жибербөө боюнча көзөмөл жүргүзүү Он Эки Бел жайыт комитетине жүктөлсүн.
Он Эки Бел жайыт комитетинин бирикмесинин төрагасына Калмурзаев Ильяз бир жылга калтырылсын жана жайыт комитетинин эсепчисине азыркы убакта талапкерлер жок болгондуктан жайыт комитетинин ишин алып баруу жагы жайыт комитетинин төрагасы И.Калмурзаевге тапшырылсын.
Он Эки Бел жайыт комитетинин карамагындагы жайыт жерин өз алдынча ээлеп тосмо тоскондорго чара көрүү жагы айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жер комиссиясына тапшырылсын жана жайыт жерин тосуп алып, жайытка мал чыгып жана жайыт жерин ээлеп алып жайыт акы төлөбөй жүргөндөргө чара көрүлсун биринчи жолу жайыт комитети тарабынан эскертүү берилсин кайра кайталанса аксакалдар сотуна өткөрүлсун, эч кандай өзгөрүүсүз калган болсо райондук сотко өткөрүлүп берилсин.
13. Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн аймагындагы малчыларга, койчуларга шарттуу мал башына жайыт акысын төлөө элден топтоп алган мал башына жайыт комитетине төлөп берүү жагы милдеттендирилсин.
14. Он Эки Бел жайыт комитетинин айыл өкмөтү аркылуу жүргүзүлүп жаткан акча каражаттары толугу менен жайыт комитетине кайтарып берүү жагы Он Эки Бел айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
15. Он Эки Бел жайыт комитетинин карамагындагы жайыт жерин өз алдынча тоскондорго жайытка таштандыларды таштагандарга 5000 сом, жайыттагы бош жүргөн, эгиндерге жана тосмолорго зыян келтирген кара малдарга 1000 сом, кой- эчкиге-500 сом, жылкы- 5000 сом штраф жана башка жактан малдарды алып келип чогултуп жайытка алып чыккандарга үч эсе жайыт акы , эгерде жайыт акы төкпөсө 5000 сом штраф бекитилсин.
16. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Он Эки Бел айылдык кенешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Он Эки Бел айылдык кеңешинин төрагасы : |
Д.Кантов.
|
| Он Эки Бел айылдык кенешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги XX сессиясынын 28-4 токтомуна № 1 тиркеме |
Он Эки Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020- жылга шарттуу мал башына төлөнүүчү жайыт акысынын киреше бөлүмү боюнча маалымат.
| Саны | коэф | шмб | Жайыт акы | сумма |
Уй | 1720 | 1.0 | 1710 68- 80 | 1 сезонго 119 (140) сом 1 айга 17 (20) сом | 116280 136800 |
Кой | 2769- 2432 | 0.2 | 487 36- 48 | 1 сезонго 63 (84) сом 1 айга 9 (12) сом | 17532 23376 |
Эчки | 2340 | 0,2 | 468 68- 80 | 1 сезонго 119 (140) сом 1 айга 17 (20) сом | 31824 37440 |
Жылкы | 157 | 1,0 | 157 68-80 | 1 сезонго 119 (140) сом 1 айга 17 (20) сом | 10676 12560 |
Торпок | 1614- 852 | 0,7 | 596 68- 80 | 1 сезонго 119 (140) сом 1 айга 17 (20) сом | 40528 47680 |
Бардыгы | 8600-7501 |
| 216843 | 257856 | |
| Он Эки Бел айылдык кенешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги XX сессиясынын 20- 4 токтомуна № 2 тиркеме |
Он Эки Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020- жылга карата
сметалык божомол иш- планынын чыгаша бөлүмү.
| План |
Жайыттардын инфраструктурасын жакшыртуу | 185 000 |
Сапардык чыгым | 10 000 |
Конц. Товарга | 5000 |
Соц. Фонд 17.25 % | 22770 |
Жайыттын жер салыгы | 10713 |
Сатуудан түшкөн салык | --- |
Транспорттук чыгым | --- |
Эмгек акы ( 72 000 – 60 000 ) | 132 000 |
Ассосацияга мүчөлүк взносу | 2000 |
Бардыгы: | 367 483 сом |
Жайыт комитетинин эсепчиси: | ________________________
|