Загрузка документа…
ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Он-Эки-Бел айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги-XXIX сессиясынын
2021-жылдын 4-февралы № 29-1
Он Эки Бел айыл аймагында 2021- жылдын жазгы талаа иштерине карата къп жылдык бак- дарактарды бутоо жана эгин аянттарын зыянкечтерге, ооруларга каршы дарылоо иштерине кызмат көрсөткөн жеке агрономдор жана жеке ишкерлер үчүн кызмат акынын өлчөмүн бикитип берүү жөнүндө
Он Эки Бел айыл аймагында 2021- жылдын жазгы талаа иштерине карата көп жылдык бак- дарактарды бутоо жана эгин аянттарын зыянкечтерге, ооруларга каршы дарылоо иштерине кызмат көрсөткөн жеке агрономдор жана жеке ишкерлер үчүн кызмат акынын өлчөмүн бекитүү боюнча жеке агроном И. Калмурзаевдин маалыматын угуп жана “Ноокат райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын залында, райондун аймагындагы айыл өкмөттөрүндө тузүлгөн жеке агрономдордун ктышуусунда 2021- жылдын 1- февралында өткөрүлгөн жыйындын” № 1 протоколун карап чыгып, талкуулап жана айыл аймагындагы жеке агрономдорго жана жеке ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Руспубликасынын 2011- жылдын 15- июлундагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнундөгү” № 101 мыйзамынын негизинде Он Эки Бел айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Он Эки Бел айыл аймагында 2021- жылдын жазгы талаа иштерине карата көп жылдык бак- дарактарды бутоо жана эгин аянттарын зыянкечтерге, ооруларга каршы дарылоо иштерине кызмат көрсөткөн жеке агрономдор жана жеке ишкерлер үчүн кызмат акы 1,0 га жер аянтындагы көп жылдык бак- дарактарды дарылоо 3000 сом, 1,0 га жер аянтындагы эгиндерди дарылоо 2000 сом, көп жылдык бак дарактарды бутоо жумуштары көлөмүнө жараша 30- 150 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Жогорудагы бекитилген көп жылдык бак- дарактарды бутоо жана эгин аянттарын зыянкечтерге, ооруларга каршы дарылоо иштерине кызмат көрсөткөн жеке агрономдор жана жеке ишкерлер үчүн кызмат акы өлчөмүн айыл аймагындагы дыйкан, феремер жана багбанчылык менен алектенген ишкерлерге маалыматтарды жеткирүү айыл өкмөтүндөгү жеке агроном жана айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына тапшырылсын.
3. Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Он Эки Бел айылдык кеңешинин төрагасы : |
Д.Кантов.
|