Загрузка документа…
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 28 токтомуна)
«Айыл чарбасын каржылоо - 7» долбоору
1-глава. Жалпы жоболор
“Айыл чарбасын каржылоо – 7” долбоорунун (мындан ары - Долбоор) максаты арзан жана жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыздоо аркылуу Кыргыз Республикасынын ишкер субъекттерине жана жеке адамдарына (мындан ары - чарбакер субъект) 2019-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүүгө жана мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүнү жана айыл чарба продукциясын иштетүүнү андан ары өнүктүрүү үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.
Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү - 60 ай.
Каржылоо булактары: Кыргыз Республикасынын 2019-2023-жылдарга республикалык бюджети, коммерциялык банктардын жана банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдардын каражаттары.
Долбоорду ишке ашыруунун башталышы - 2019-жылдын февралы.
Жооптуу аткаруучулар: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Долбоорду ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар жана банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдар.
Долбоордун баяндамасы. Долбоордун алкагында 2019-жылдын ичинде коммерциялык банктардын жана банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдардын финансылык каражаттары өсүмдүк өстүрүүнү, мал чарбачылыгын жана айыл чарба продукциясын иштетүүнү өнүктүрүү үчүн чарбакер субъекттерге жеңилдетилген пайыздык ставкалар менен берилет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жеңилдетилген пайыздык ставкалар боюнча кредиттерди бергендиги үчүн коммерциялык банктардын жана банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдардын чыгымдарын 2019-2023-жылдарга республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен субсидиялайт.
Кредиттерди берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык аныкталат.
Берилген кредиттерди кайра төлөө боюнча бардык тобокелдиктерди коммерциялык банктар жана банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар өздөрүнө алышат, карыз алуучуларды ички жол-жоболорунун негизинде тандашат.
Коммерциялык банктар жана банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдар ушул чарбакер субъекттерди ушул Долбоордун алкагында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кепилдиги менен каржылоого укуктуу.
Коммерциялык банктар жана банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдар зайымчылардын карыздарын рефинансылоого укуктары жок.
Долбоорго катышкан коммерциялык банктар жана банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдар зайымчыларга кредитти төмөнкүдөй негизги жалпы шарттарда берүүгө милдеттүү:
Максаттуу тармак | Өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылык, айыл чарба продукциясын иштетүү |
Акыркы пайыздык ставка | жылына 6 пайыз: - 1-главада көрсөтүлгөн артыкчылыктуу багыттардагы кредиттер үчүн; - “Айыл чарба продукциясын иштетүү” тармагы үчүн; жылына 8 пайыз: - бак өстүрүүчүлүк жана ургаалдуу токойчулук ишин жүргүзгөн субъекттер үчүн; - күнөскана чарбасын жүргүзүү жана тамчылап сугаруу системасын киргизүү боюнча иштеген субъекттер үчүн; - 2-главада көрсөтүлгөн, асыл тукум мал жана жасалма жол менен уруктандыруу үчүн мал же жабдууларды сатып алуучу субъекттер үчүн; жылына 10 пайыз – “Мал чарбачылык” жана “Өсүмдүк өстүрүү” тармактары үчүн. |
Кредиттин мөөнөтү | 36 айдан ашык эмес; бак өстүрүүчүлүккө, ургаалдуу токойчулукка, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларына, жаңы түзүлүп жаткан кайра иштетүүчү тамак-аш ишканаларына, күнөскана чарбасын жүргүзүүгө, тамчылап сугаруу системасын киргизүүгө берилүүчү кредиттер үчүн төлөө мөөнөтүн 60 айга чейин белгилөөгө уруксат берилет |
Жеңилдетилген мезгил | Карыздын негизги суммасы боюнча төгүм төлөөдөн 6 айга чейин толук бошотуу |
Айыл өкмөтүнүн жазуу жүзүндөгү сунушу болсо жеке кредиттер боюнча 150 (жүз элүү) миң сомго чейинки өлчөмдөгү жана топтук кредиттер боюнча 500 (беш жүз) миң сомго чейинки өлчөмдөгү кредиттик каражаттар 18 айга чейинки төлөө мөөнөтү менен күрөөсүз негизде берилиши мүмкүн. Мында, бул максаттар үчүн багытталган жалпы сумма берилүүчү кредиттин жалпы суммасынын 7 пайызынан ашпоосу керек.
Коммерциялык банктарга жана банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдарга өз чыгымдарынын эсебинен Долбоордо көрсөтүлгөн убакыттан узагыраак мөөнөт белгилөөгө уруксат берилет.
Кредит берүүдө элеттик региондордун адистешүүсүн эске алуу менен кластердик өндүрүш системасын киргизүүчү, кластерди уюштуруучу жана кошумча нарктын чынжырчасында катышкан чарбакер субъекттерге, ошондой эле айыл чарба продукциясынын төмөнкүдөй 11 түрүн экспорттоого түзүлгөн келишимдери бар өндүрүүчүлөргө артыкчылык берилет:
- сүт;
- эт;
- жүн,
- бал;
- балык;
- жашылча (пияз, сарымсак, томат);
- картошка;
- жемиштер (уруктуу, данектүү);
- мөмөлөр (дан куурай, кулпунай, карагат);
- техникалык өсүмдүктөр (пахта, тамеки);
- төө буурчак.
Кредит берүүдө асыл тукум заводдун, асыл тукум ферманын жана үрөн чарбанын статусу белгиленген тартипте берилген чарбаларга, ошондой эле кант кызылчасын өстүрүүдө иштеген субъекттерге артыкчылык берилет.
Эгерде потенциалдуу зайымчылардын күрөө менен камсыз кылуусу жетишсиз болсо алар “Кепилдик фонд” ачык акционердик коомуна (мындан ары – “Кепилдик фонд” ААК) кепилдик берүү жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.
Кепилдиктер “Кепилдик фонду” ААК менен кызматташуу жөнүндө макулдашууну түзгөн коммерциялык банктарга жана банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдарга берилет.
2-глава. “Мал чарба” тармагынын чарбакер субъекттери үчүн кошумча шарттар
Бул тармак үчүн жумшалуучу каражаттар каржылоонун жалпы суммасынын 50 пайызынан ашпашы керек, анын ичинен 10 пайыздан кем эмеси асыл тукум мал сатып алуу үчүн жумшалууга тийиш.
Бул тармакка төмөнкүдөй субъекттер кирет:
- бодо мал өстүргөн;
- кой, эчки, жылкы, коён өстүргөн;
- канаттууларды (тоок, өрдөк, каз, төө куш, бөдөнө жана башка айыл чарба канаттууларын) өстүргөн;
- бал аары баккандар, анын ичинде аарынын момун өндүрүүчүлөр;
- балык өстүргөн, балык питомниктерин жана балык фермаларын иштеткендер.
Асыл тукум малга төмөнкүдөй породалар кирет:
- бодо мал (ала тоо, карала, аулие-ата, ошондой эле голштин, жерсей, симменталь, айшир, герефорд, голланд, ярослав, холмогор, күрөң швиц уйлары), топоздор жана жылкылар;
- кой (уяң жүндүү, тянь-шань жарым уяң жүндүү, алай, гисар жана меринос).
Бул тармактын субъекттери ушул Долбоордун алкагында бир зайымчыга 3 (үч) млн сомго чейин кредит ала алышат. Асыл тукум мал жана жасалма жол менен уруктандыруу үчүн мал же жабдууларды сатып алып жаткан субъекттер 10 (он) млн сомго чейин кредит ала алышат.
Бул тармактын субъекттери кыш мезгилинде тоют сактоо үчүн шарттарды кошкондо айыл чарба жаныбарларын кармоо жана өстүрүү үчүн баардык зарыл шарттарга ээ болушу керек.
Кредит берүүдө иштетүүчү ишканалар менен өз продукцияларын берүүгө келишимдерди (контракттарды) түзгөн чарбакер субъекттерге артыкчылык берилет.
Коммерциялык банктар жана банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдар ушул Долбоордун алкагында зарыл болгон учурда субъекттер берген маалыматтардын тууралыгы жөнүндө кошуналарынан жана айылдаштарынан сурамжылоого укуктуу.
3-глава. “Өсүмдүк өстүрүү” тармагынын чарбакер субъекттери үчүн кошумча шарттар
Бул тармак үчүн жумшалуучу каражаттар каржылоонун жалпы суммасынын 25 пайызынан ашпоого тийиш, анын ичинен бак өстүрүүчүлүккө - 50 пайыздан ашпайт.
“Өсүмдүк өстүрүүчүлүк” тармагына төмөнкүлөр кирет:
- дан өсүмдүктөрүн өстүрүү;
- техникалык өсүмдүктөрдү өстүрүү;
- жашылчаларды, бакча өсүмдүктөрүн өстүрүү;
- бак өстүрүүчүлүк, көчөт өстүрүүчүлүк;
- күнөскана чарбачылыгын жүргүзүү;
- мөмө жана жер-жемиш өстүрүү;
- ургаалдуу токой өнүктүрүү;
- тамчылатып сугаруу системасын өнүктүрүү.
Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө иштеген субъекттерде ушул Долбоордун алкагында кредит алуу үчүн жеке менчик же ижарага алынган айыл чарба багытындагы жери жана ушундай жери бар экенин ырастаган документи (мамлекеттик акты, күбөлүк, ижара келишими, сатып алуу-сатуу келишими ж.б.) сөзсүз түрдө болушу керек.
“Өсүмдүк өстүрүү” тармагынын чарбакер субъекттери үчүн кредиттин максимум суммасы боюнча чектөөлөр коюлган эмес.
«Өсүмдүк өстүрүүчүлүк» тармагы өзгөчөлүү жана сезондуу болгондуктан, тармактын чарбалык субъекттери кезексиз кредит ала алышат.
Бул тармактагы артыкчылыктуу багыт болуп экспортко чыгарылуучу айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүүнү каржылоо, ошондой эле күнөскана чарбачылыгын жүргүзүү жана тамчылатып сугаруу системасын киргизүү боюнча долбоорлорду каржылоо саналат.
4-глава. «Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү» тармагынын чарбалык субъекттери үчүн кошумча шарттар
Бул тармак үчүн жумшалуучу каражаттар каржылоонун жалпы суммасынын 25 пайызынан кем эмесин түзүшү керек.
Бул тармакка төмөнкүлөр кирет:
- айыл чарба продукцияларын (дан, чанактуу эгиндер, бодо малдын жана кой-эчкинин эти, териси, сүтү ж.б.) кайра иштетүү;
- балык жана балык азыктарын кайра иштетүү жана консервалоо;
- жемиштерди, жашылчаларды жана мөмөлөрдү кайра иштетүү жана консервалоо;
- өсүмдүк жана малдын майын өндүрүү;
- айыл чарба жаныбарлары үчүн тоют өндүрүү;
- минералдык сууларды кошпогондо, айыл чарба продукцияларынан тамак-аш продуктуларын өндүрүү (анын ичинде айыл чарба продукцияларынын экинчи жолку иштетилүүчү чийки затынан);
- айыл чарбасы үчүн жер семирткичтерди жана азот кошулмаларын өндүрүү;
- жашылча сактоо кампаларын кошкондо, айыл чарба продукцияларын упаковкалоо, жыюу жана сактоо;
- айыл чарба малын жана канаттууларды союу цехтери;
- кийизди жана кийиз буюмдарын жасоо;
- айыл чарба продукцияларын сатып алууну, сактоону, ташууну жана сатууну уюштуруу боюнча логистикалык борборлор.
Биринчи категориядагы субъекттерге 20дан ашык жумушчу орундуу ишканалар кирет жана ушул Долбоордун алкагында бир зайымчыга көлөмү 150 (жүз элүү) млн сомдон ашпаган өлчөмдөгү кредит ала алышат.
Экинчи категориядагы субъекттерге 20га чейинки жумушчу орундуу ишканалар кирет жана ушул Долбоордун алкагында бир зайымчыга көлөмү 10 (он) млн сомдон ашпаган кредит ала алышат.
Ушул Долбоордун алкагында негизги жана жүгүртүү каражаттарын, ошондой эле эмгек акы фондун каржылоону кошкондо өндүрүштүк циклдин бардык этаптары каржыланышы мүмкүн.
Бул тармактын чарбалык субъекттери Кыргыз Республикасынын резиденти болуусу жана Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарында, анын ичинде Кыргыз Республикасынын салык кызматында жана Социалдык фондунда талаптагыдай катталуусу керек.
Төмөнкү чарбалык субъекттер бул тармакта артыкчылыктуу болуп саналат:
- экспортко багытталган айыл чарба продукциялары барлар;
- айыл чарба продукцияларын (чийки заттарды) берүүгө жергиликтүү өндүрүүчүлөр менен келишимдерди (контракттарды) түзгөндөр.
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан каржылоосу болгон учурда кайра иштетүүчү ишканалардын ушул Долбоордун алкагында параллель каржылоо алышына жол берилет.
5-глава. Долбоорду ишке ашырууну баяндоо
Долбоорго катышууга каалоосун билдирген коммерциялык банктар жана банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар ушул токтом күчүнө киргенден кийин 10 күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине сунушталуучу субсидиялоонун ставкаларын жана кредит берүүнүн көлөмүн милдеттүү түрдө көрсөтүп, республиканын облустарына бөлүү менен Долбоорду ишке ашырууга катышууга өтүнмөнү берүүлөрү керек, мында субсидиялоо ставкасы жылдык 7,49 пайыздан ашпашы керек.
Долбоордун ишке ашырылышы жөнүндө калкты талаптагыдай маалымдоо максатында аны ишке ашырууга катышуучу коммерциялык банктар жана банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар кредит берүүнүн шарттары жөнүндө, ошондой эле бул Долбоор боюнча кредит алууга өтүнмөлөрдү кабыл алуунун мезгили/убакыты жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарына, коммерциялык банктардын жана банктык эмес финансы-кредиттик уюмдардын маалымат такталарына жана расмий сайттарына жарыялоого тийиш.
Долбоордун алкагында субсидия алуу үчүн коммерциялык банктар жана банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар ай сайын айдын 10уна чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине өткөн айдагы кредит берүүнүн иш жүзүндөгү суммасын көрсөтүү менен субсидиялоого өтүнмө беришет.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги субсидиянын суммасын эсептешүү коэффициенттерине ылайык эсептейт жана субсидиянын траншын коммерциялык банктарга жана банктык финансы-кредиттик уюмдарга которуу үчүн тиешелүү айга финансылык планды даярдайт.
Субсидиялардын транштары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан республикалык бюджеттин каражаттарынан коммерциялык банктардын жана финансы-кредиттик уюмдардын алыш-бериш эсептерине Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин кассалык планына ылайык тиешелүү айдын аягына чейин которулат.
Коммерциялык банктардын жана финансы-кредиттик уюмдардын ишине көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ишке ашырат.
6-глава. Субсидияларды эсептөө
Жеңилдетилген кредиттерди берүүдө коммерциялык банктардын жана финансы-кредиттик мекемелердин чыгымдарын жабуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан коммерциялык банктардын/финансы-кредиттик мекемелердин кредит берүүсүнүн ай сайынкы көлөмүнөн субсидиялоонун төмөнкүдөй эсептик коэффициенттери кабыл алынат:
- проценттик ставканын көлөмүнө карабастан, субсидиялоонун ставкасы жылына 7,49 пайызды түзөт;
- 60 айлык мөөнөткө берилүүчү кредиттер үчүн субсидиялоонун эсептик коэффициенти – 20,91. Алардын ичинен субсидиялардын бир бөлүгү – 6,75 эсептик коэффициенти боюнча 2019-жылы, бир бөлүгү – 6,46 эсептик коэффициенти боюнча 2020-жылы, бир бөлүгү – 4,23 эсептик коэффициенти боюнча 2021-жылы, бир бөлүгү – 2,57 эсептик коэффициенти боюнча 2022-жылы жана бир бөлүгү – 0,90 эсептик коэффициенти боюнча 2023-жылы которулат;
- 48 айлык мөөнөткө берилүүчү кредиттер үчүн субсидиялоонун эсептик коэффициенти - 17,17. Алардын ичинен субсидиялардын бир бөлүгү – 6,72 эсептик коэффициенти боюнча 2019-жылы, бир бөлүгү – 5,99 эсептик коэффициенти боюнча 2020-жылы, бир бөлүгү – 3,30 эсептик коэффициенти боюнча 2021-жылы жана бир бөлүгү – 1,16 эсептик коэффициент боюнча 2022-жылы которулат;
- 36 айлык мөөнөткө берилүүчү кредиттер үчүн субсидиялоонун эсептик коэффициенти – 13,42. Алардын ичинен субсидиялардын бир бөлүгү – 6,66 эсептик коэффициенти боюнча 2019-жылы, бир бөлүгү – 5,14 эсептик коэффициенти боюнча 2020-жылы жана бир бөлүгү – 1,62 эсептик коэффициенти боюнча 2021-жылы которулат;
- 24 айлык мөөнөткө берилүүчү кредиттер үчүн субсидиялоонун эсептик коэффициенти - 9,68. Алардын ичинен субсидиялардын бир бөлүгү – 6,52 эсептик коэффициенти боюнча 2019-жылы, бир бөлүгү – 3,16 эсептик коэффициенти боюнча 2020-жылы которулат;
- 12 айлык мөөнөткө берилүүчү кредиттер үчүн субсидиялар - субсидиялоонун 5,93 эсептик коэффициенти боюнча 2019-жылы которулат.
Субсидиялардын ар жылдык суммасы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан эсептелип чыгат. Субсидиялоонун коэффициенти кредит берүүнүн мөөнөтүнө жараша ар кандай болушу мүмкүн, бирок 7,49 пайызды түзгөн субсидиялоонун ставкасы өзгөрүүсүз калат.
7-глава. Субсидияларды которуу
Эсептик формулага ылайык аныкталуучу субсидиялардын суммасы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан коммерциялык банктарга жана банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарга беш транш менен которулат, анын ичинен:
- биринчи транш - коммерциялык банктар жана финансы-кредиттик уюмдар тарабынан өткөн айда иш жүзүндө берилген кредиттик каражаттардын суммасына, субсидиялар ар бир айдын аягында которулат;
- экинчи транш - биринчи транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин;
- үчүнчү транш - экинчи транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин;
- төртүнчү транш – үчүнчү транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин.
- бешинчи транш – төртүнчү транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин.
Долбоорду ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар жана банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар биринчи траншты алган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин, ошондой эле калган транштарды алган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине мөөнөтүнөн мурда төлөгөн зайымчылардын санын, суммасын жана датасын көрсөтүү менен мөөнөтүнөн мурда төлөөлөр боюнча толук маалыматты берүүгө милдеттүү. Субсидиялардын экинчи жана андан кийинки транштарын алуу үчүн коммерциялык банктар жана банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн кредиттер кошулбаган өтүнмөлөрдү берүүгө милдеттүү. Коммерциялык банктар жана банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар берилген жана мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн кредиттер боюнча берилген маалыматтардын аныктыгына жоопкерчилик тартышат.
8-глава. Тобокелдиктер жана коркунучтар
Долбоорду ишке ашырууда жеңилдетилген кредиттерди алуучулар тарабынан каражаттарды башка максатка пайдалануу тобокелдиги бар.
Аталган тобокелдикти азайтууну коммерциялык банктар жана банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар белгиленген тартипте ишке ашырат.
Кредиттик каражаттардын башка максатка пайдаланылгандыгы белгилүү болсо, коммерциялык банктар жана банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар тиешелүү актыны түзүп, зайымчыдан кредиттик каражаттардын пайдаланылбаган калдыгын мөөнөтүнөн мурда төлөөнү талап кылууга жана кредитти алган күндөн тартып жылдык 30 пайыз өлчөмүндөгү пайыздык ставканы коюуга тийиш. Мындай учурда коммерциялык банктар жана банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар субсидиялардын алынган каражаттарын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине кайтарып берүүгө милдеттенишет.
Коммерциялык банктар жана банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар субсидиялардын каражаттарын максатсыз пайдалануу опурталын азайтуу максатында:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы коммерциялык банктардын жана банктык эмес финансы-кредиттик уюмдардын ишин субсидияларды максатка ылайыктуу пайдалануу боюнча белгиленген тартипте көзөмөлдөйт;
- коммерциялык банктар жана банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар Долбоорго ылайык жайгаштырылган кредиттердин көлөмү жөнүндө жума сайын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине отчётторду беришет;
- субсидиянын каражаттарын коммерциялык банктар жана банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар атайылап башка максатта пайдалангандыгы аныкталса, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бир тараптуу тартипте андан аркы субсидиялоону токтотууга жана субсидиянын траншына айыпты (которгон күндөн баштап) жылдык 30 пайыз өлчөмүндөгү пайыздык ставка боюнча эсептөө жолу менен финансылык санкцияларды колдонууга укуктуу. Эсептелген айыптардын жана субсидиялардын которулган транштарынын суммасы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине субсидиялардын башка максатка пайдаланылган фактысы аныкталган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде кайтарылып берилүүсү керек.
Зайымчы мөөнөтүнөн мурда төлөгөн учурда республикалык бюджеттен мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн кредиттерди субсидиялоо боюнча опурталды азайтуу максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги коммерциялык банктар жана банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар менен кызматташуу жөнүндө макулдашууларда мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн кредиттер боюнча республикалык бюджеттен алынган субсидиялардын бөлүгүн эсептөө, оңдоо жана кайтаруу механизмин караштырат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн милдеттенмелерди толук эмес аткаруу опурталы:
- Долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тиешелүү ай аяктаганга чейин республикалык бюджеттен субсидия боюнча биринчи транштын суммасын коммерциялык банктардын жана банктык эмес финансы-кредиттик уюмдардын алыш-бериш эсептерине субсидияны которуу тартибине ылайык которот;
- субсидиянын экинчи жана кийинки транштарын төлөп берүү үчүн каражаттар Кыргыз Республикасынын тийиштүү жылдарга республикалык бюджети жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда каралат.
Кредиттик каражаттарды толук эмес ылгап алуу опурталы:
- Долбоорго коммерциялык банктарды жана банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарды көбүрөөк тартуу үчүн Долбоордун катышуучуларынын саны чектелбейт. Долбоорго ылайык Долбоорду ишке ашыруу үчүн каралган республикалык бюджеттин каражаттарынын чегинде кредит берүүнүн жалпы көлөмү гана чектелет;
- коммерциялык банктар жана банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар фермердик, дыйкан чарбалардын жана кооперативдердин мүчөлөрүнө топтук кредит берүү механизмин пайдаланууга укуктуу.
Табигый катаклизмдердин коркунучу:
- табигый катаклизмдерден улам зайымчылар тарабынан кредиттердин кайтарылбай калуу опурталы пайда болсо, коммерциялык банктар жана банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар аны азайтуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өз алдынча чараларды көрүшөт.
9-глава. Кредиттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышына мониторинг
Кредиттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышынын мониторингин коммерциялык банктар жана банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар төмөнкүдөй жүргүзүшөт:
- зайымчылар кредит алган учурдан тартып 2 айдын ичинде кредит боюнча жүргүзүлгөн чыгымдарга документтүү ырастоолорду (контракттар/ келишимдер, эсеп-фактуралар жана/же коштомо кагаздар, төлөгөндүгү жөнүндө төлөм документтери жана башкалар) тиркөө менен кредиттик каражаттарды максаттуу пайдаланылышы жөнүндө отчётторду берүүгө тийиш;
- зайымчыдан кредиттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышы жөнүндө отчётту алгандан кийинки 3 айдын ичинде коммерциялык банктардын/банктык эмес финансы-кредиттик уюмдардын ыйгарым укуктуу кызматкерлери текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө отчётту тариздөө менен жерине барып мониторинг жүргүзүшөт. Кредит максатсыз пайдаланылган учурларда тийиштүү акт түзүлүшү керек жана аталган кредит боюнча пайыздык ставка кредит берилген күндөн тартып жылдык 30 пайызга чейин көбөйтүлүүгө тийиш.
Зайымчылар коммерциялык банктарга/банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарга кредиттин максаттуу пайдаланылгандыгын ырастаган төмөнкүдөй документтерди берүүгө милдеттүү:
- зайымчынын жашаган/катталган жери боюнча тиешелүү айыл өкмөтүнүн чарба китебиндеги сатып алынган малдын катталгандыгы жөнүндө айыл өкмөтүнүн милдеттүү белгиси менен малды сатып алуу-сатуу контрагынын/келишиминин көчүрмөсү же малдын сатып алынгандыгын ырастаган маалымкат;
- айыл чарба продукцияларынын экспортун ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү (продукцияларды экспорттоочу чарба субъекттери үчүн);
- сатып алынган үрөн, минералдык жер семирткичтер, күйүүчү-майлоочу материалдар (мындан ары - КММ), ошондой эле көрсөтүлгөн кызматтар үчүн акы төлөгөндүгүн ырастаган контракттардын/келишимдердин жана/же эсеп-фактуралардын, коштомо кагаздардын же төлөм документтеринин көчүрмөлөрү (каражаттарды пайдалануу жөнүндө отчёт менен кошо берилүүгө тийиш).
Төмөнкү учурларда:
- кредит алуу мөөнөтү менен агротехникалык иш-чараларды өткөрүүнүн оптималдуу мезгилинин ортосунда ажырым болсо, кредит берилген күнгө чейинки эки айдан эрте эмес таризделген дата менен актоочу документтерди кабыл алууга жол берилет;
- үрөндү, минералдык жер семирткичтерди, КММны сатып алуу-сатуу бүтүмдөрү, ошондой эле жеке жак статусуна ээ адамдардын ортосунда техниканын кызматын көрсөтүү боюнча бүтүмдөр түзүлсө, сатуучунун акча каражатын алгандыгы жөнүндө тил катын тиркөө менен жана аталган тил катта паспорттогу маалыматтарды, сатылган үрөндүн же башка продукциянын/көрсөтүлгөн кызматтын санын, сортторун көрсөтүү менен айыл өкмөтүнүн башчысы күбөлөндүргөн контракт/сатуу-сатып алуу келишими же кызмат көрсөтүүгө контракт/келишим актоочу документ боло алат;
- алыскы айылдардын тургундары КММны биргелешип ыйгарым укуктуу адам аркылуу сатып алышса, мындай ар бир кредиттин каражаттарын пайдалануу жөнүндө отчётто КММны биргелешип алгандыгы көрсөтүлөт жана автомай куюучу станциялардан алынган бардык төлөм документтеринин көчүрмөлөрү тиркелет.
10-глава. Долбоордун натыйжалуулугун баалоо
Кредиттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун баалоо максатында коммерциялык банктар жана банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар Долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча жылдын аягына карата Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине төмөнкүдөй негизги көрсөткүчтөр боюнча зайымчылардын кредитти максаттуу пайдалануулары жөнүндө агрегирленген маалыматты беришет (кредит берилгенге чейин жана берилгенден кийин):
- Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында түзүлгөн жумуш орундарынын саны;
- Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында түзүлгөн өндүрүштүн, анын ичинде айыл чарба кооперативдеринин жана кайра иштетүү (кайра иштетүү) ишканаларынын саны;
- Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында ийгиликтүү иштеп жаткан ишканалардын саны жана алардын өндүрүшүнүн көлөмү;
- мурда иштебей токтоп турган, кайра ишке киргизилген ишканалардын саны жана алардын өндүрүшүнүн көлөмү;
- өндүрүштүн жана сатуунун жалпы көлөмү;
- экспорттун жалпы көлөмү;
- Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында жабдууларды сатып алууга пайдаланылган финансы каражаттарынын саны, түрү жана суммасы;
- Долбоордун алкагында кайра иштетүү ишканаларына тапшырылган айыл чарба продукцияларынын көлөмү.