Загрузка документа…
ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Он-Эки-Бел айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги-XXIX сессиясынын
2021-жылдын 4-февралы № 29-2
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөруп берүү жөнүндө түзүлгөн келишимди бекитип берүү тууралуу
Ноокат райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен айыл өкмөтүнүн ортосунда экономист-статисттин “ Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндөгү” келишимди бекитип берүү жөнүндөгү маселени айылдык кенешинин депутаттары таанышып чыгышып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен айыл өкмөтүнүн ортосунда экономитс-статисттин “ Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндөгү” келишимге макулдук беребиз.
2. Келишимдин шарттарынын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн экономист-статистине жана финансылык, материалдык каражаттар менен камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилет.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу айылдык кенешинин экономика бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн .
Он Эки Бел айылдык кеңешинин төрагасы : |
Д.Кантов.
|