Редакцияот 08.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 8-сентябры № 16/V-28

“Мектептин санариптик билим берүү чөйрөсү” долбоору боюнча акча каражаттарды бөлүп берүүнүн зарылчылыгы жөнүндө»

Я.Я. Ваккер атындагы орто мектептин директору С.Тыныстанованын Ысык-Ата районунун өнүктүрүү фондуна “Мектептин санариптик билим берүү чөйрөсү” долбоору боюнча 200 000(эки жүз миң) сом акча каражатын бөлүп берүүнүн зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Люксембург айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Мектептин санариптик билим берүү чөйрөсү” долбооруна макулдук берилсин.

2. Ысык-Ата районунун өнүктүрүү фондуна сметалык документтерге ылайык Люксембург айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты кошуу кепилдиги менен өтүнүч кат жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевге жүктөлсүн.

 

Люксембург айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К.Шайлдабеков